Кечээ камалган Жамалбек Ырсалиев бийликтин пиарщигине айланганы түшүнүксүз


Коррупцияга шектүү катары Жамалбек Ырсалиев жайдын кап ортосунда камалып кеткен. УКМК олуттуу билдирүүлөрдү тараткан эле. Жамалбек дээрлик 1500 миң чарчы метрди түзгөн муниципалдык жерди мыйзамсыз ээлеп алганы, жеке пайдасын көрүү, миллиондорго зыян келтирүү ж.б. айыптоолор кабарланган. Бирок көп өтпөй эле Жамалбек Ырсалев абактан бошоп, козголгон кылмыш иши боюнча ооз ачкан жок. Тескерисинче, ал соңку убактарда бийликтин пиарщигине айлангандай түр көрсөтүп, аткаруу кызматындагы ийгиликтерди жактап, төбөлдөрдү мактоо таризинде алашала түшүп, соцтармактан бөлүшүп, шадыраңдап эле бараткандай. Албетте, бул жагынан эмне болуп атканын терең түшүнгөн жокпуз. Алдын ала жагалдануубу? Азыр бийлик мактоого муктаж деле эмес. Ансыз деле айга-күнгө теңегендер толтура. Ириде төбөлдөрдүн алган багыты, жасаган иштери ынанымдуу, туура болсо, анда пиарщиктердин деле кереги жок. Азыр элдин көзү көрөгөч. Ак-караны оңой ажыратып калган заманда жашап жатабыз. Мындай шартта Жамалбектин жагалданып, бийликтегилерди жактап калганы кандай? Кечээ эле камалып атса... Таңгаласың да.
"Азия Ньюс" гезити











