Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Урматбек Шамырканов: “Биздин кызматкерлер Түркияда куткаруу иштерин башташты”

Урматбек Шамырканов: “Биздин кызматкерлер Түркияда куткаруу иштерин башташты”

10-февраль, 09:00
263 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ӨКМ министринин орун басары менен маек.

-- Жолдош полковник, боордош Түркия жергесинде болгон кырсыкка байланыштуу бизден да куткаруучулар тобу жардамга кетишпедиби. Алар канча киши жана ал жакта канча күн болушат?

-- Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин жеке тапшырмасы менен ӨКМден 67 куткаруучу жөнөтүлдү. Алардын арасында врачтар, фельдшерлер жана атайын даярдыктан өткөн куткаруучулар бар. Издеп-куткаруу иштерин натыйжалуу жүргүзүү максатында алар менен атайын даярдалган эки ит да кошо жөнөтүлдү. Биздин куткаруучулар толугу менен автономдуу режимде жеринде иш жүргүзүшөт. Керектүү шаймандардын баарын тең өздөрү менен алып кетишти. Бир жыл мурда биздин министрибиз Бообек Эргешович Ажикеевдин демилгеси менен эл аралык масштабда атайын издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө багытталган “Инсарак” тобу түзүлгөн. Ал бүткүл дүйнөлүк куткаруучулур тобу болуп эсептелет. Алар атайын түзүлгөн программанын негизинде даярдыктан өтүп, даяр турушкан болчу. Ушул дагы чоң жетишкендик болду десем болот. Анткени, топту тез арада жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Топтун жетекчиси да дасыккан куткаруучулардан. Биздин куткаруучулар Кахраманмараш шаарына барышып, куткаруу иштерин башташты. Себеби, алардын өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги “Кахраманмараш шаарына кишилерибиз жетпей жатат, ошол жакка жардам бергиле” деп суранышкан болчу.

-- Демек, куткаруучуларыбыздын ал жакта канча күн болору кырдаалга байланыштуу болот турбайбы?

-- 1999-жылы Түркияда болгон жер титирөөдө да биздин куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүшкөн. Андыктан, зилзаланын кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйбабыз бар. Анда бир айлык мөөнөт менен барышып, үч ай жардам берип келишкен. Бул жолу да жыйырма күндүк автономдуу иштөө даярдыгы менен кетишти. Эгер дагы кошумча күн керек дешсе, аны дагы узартууга, аларды ар тараптуу камсыз кылууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер