“Өлгөнүмдө менин жүзүмдү Ак жамгырга ачып койгула!”
Адатта тажатма, кайталанма, уйкаш ыр жазгандар кайра-кайра ыр жаратышып, биринен сала экинчи китебин жарыкка чыгаруудан тажашпайт. Чыныгы таланттар көмүскөдө калат. Сонун ырларды жаратып, бирок билинбей кете берет. “Талант кенчи мүрзөлөрдө” демекчи, алардын чети да оюлбай кете берет. Ошондой мыкты акындардын бири Сейит Жээнбаев каза болду. Акын өмүр бою жалгыздыкты тагдыр кылып, поэзиянын бактысы, кайгысы менен алпурушуп өткөн экен. Акындын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Төмөндө анын поэзиясынан.
Силер көпкө ушак сөз кылып,
Чөлдөй кургап, чөгүп маанайым.
Жүргүчөктү ушул дүйнөдөн
Кетейинчи, кетип калайын.
Боор оорусам боорго тебишкен,
Күлкү сунсам күйүт жегизген.
Эх адамдар, эми кошкула
Ичи былык, сырты келишкен.
Кадам бассам кармап тор жайып,
Казганыңдын баарын ор кылбай.
Ызаат кылып көмүп койгула
Тирүүлөргө мени кор кылбай.
Ыйлабачу бириң болгула,
Ырдагыла, бийлеп, толгула.
Өлгөнүмдө менин жүзүмдү
Ак жамгырга ачып койгула!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити