Акыркы кабарлар
» Саясат » “Бийлик төбөлдөрү “кемпирабадчыларга” айкөлдүк кылууда”
“Бийлик төбөлдөрү “кемпирабадчыларга” айкөлдүк кылууда”
22-апрель, 21:25
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- “Кемпирабадчылардын” айрымдары бийлик менен «соодалашып», камактан чыга башташканына кандай баа беребиз? Ошондо сындагандар абакта, унчукпагандар эркиндикте болушабы?..
Мадин Итикеев, серепчи:
-- “Кемпирабадчылардын” айрымдары соодалашып чыгып жатат” дегендерине кошула албайм. Анткени, үй камагына чыкса, ден соолугуна карата мыйзам чегинде сотуна чейин баш коргоо чаралары өзгөртүлүшү мүмкүн. Мен башынан эле “кемпирабадчыларды” туура эмес ойлойм. Себеби, ансыз деле өмүр бою Кемпир-Абадды кошуналар колдонуп келген. “50х50 пайыз менен чогуу башкаралы” деп жакшы жагына чечилгенде, элди тетири нукка салып, баш айлантып, өлкөдө дестабилдүүк жасашкандары үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек. Көпчүлүгү өмүр бою кызматта жүрүп, эбегейсиз көп байлыкка ээ болгондор. “Бийлиги колдо турганда эмнеге чек араны чечишпей, ушундай курч маселелерге кайрылышпай келишкен?” деген суроо жаралат. Алардын байлыктарын элдин баары эле билет. Килейген пансионаттар, гектарлаган жерлер, эс алуу жайлары каяктан алардыкы? Бул чоң суроо. Кайсы айлык маяналарына алышкан же коррупциянын өзөгүн ушулар түзгөнбү? Билишимче, бийлик төбөлдөрү айкөлдүк кылып жатат. Эмдигиче булар сот жообуна тартылышы керек болчу. Соттосо баарын соттоп, болбосо баарысына мунапыс кылып, кечирим берүүсү керек да. Бул менин жеке пикирим. Өлкөнүн келечеги үчүн ушундай кадамдарга барганы туура го.
Калдарбек Койлубайтегин, серепчи:
-- Жаратылыш табиятынан утурумдук, тагыраагы, таңы да, багы дагы калбай өзгөрүп, кубулат. “Бүгүн барың эртең жок, бири жумшак бири шок” дегендей эле. Саясат көктөн түшкөн ыйык зат эмес да. Ал деген тегирмендин ташында же айлампадай айланып, жутканын жутуп, тутканын тутат. Анткени, адамзаттын көз караштары, ой жүгүртүүлөрү да бир дайранын эки жээгиндей эле түшүнүк. “Менин туурум туруктуу” деп көкүрөк каккандар саясаттын жугундукорлору.
Албетте, утулуу, утуу болот. Бул кадимки эле көрүнүш. Элдешүү менен да бүтүм чыгара алышат. Соодалашуусуз саясат – саясат эмес. Бул болуп келген, улана да берет. “Кемпирабадчылар” башынан эле натура учкашып алышканын өздөрү билип туруп, аларды “баатыр кылуу” ашыкча. “Садага чабылып кетүү” жолун тандап алышканы жашыруун деле эмес. Эгерде ошондо жаралган жасалма кырдаалда баштарын дурустап иштетишсе, балким, баары башка нукта акмак. Жок, максат күтүүсүз келген чырды ызгытып, тополоңго айланып кетүүсүн тилешип, колуна түшүп жаткан “ырыскыдан” кур калгылары келишпей акыры камалып тынышты.
1965-жылы эле Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры чечилген. Ал бүтүмдү эч ким өзгөртө алмак эмес. Баарын билип, түшүнүп турушуп эле учкундан жалын тутантуу жараянын жүргүзүшүп, ойго-тоого бойлорун урушуп, жер тепкилешти. Соңу тигинтип зындандын кулу болушту. Ошондо да “биз деген көз карашты өзгөртпөгөн, элим, жерим үчүн башты баталгыга саюудан качпаган партизандарбыз” деп көгөрүп турушканы, албетте, ошол эле саясаттын бир үзүмүнөн...
“Кемпирабадчылардын” айрымдары соодалашуу жолу менен камактан бошоп, баш коргоо чараларын өзгөртүштү. Анткени, Кемпир-Абад жараты өтө эски жана чечилгис экенин түшүнөлү. Ошон үчүн айрымдары бийликке бап сүйлөй башташты. Андай өзгөрүлмөлөрдү зынданда кармоонун пайдасы жок. Менимче, чекеден эле чыгарып ийишет жакын арада.
Кызыгы, келишим боюнча 60 жылдан берки тоңуп жаткан муз эрип, бүгүн бул суу сактагычтын айланасы жанданып, кыргыз жыттана баштады. Аны көкмээлер гана көрбөй-билбей калышпаса, акылы жетиктер сопсонун көрүп турушат.
Бир сөз менен айтканда, суу сактагычтын талашынын мааниси, кызыгы да биротоло кетти. Орус кошунам айтмакчы, “надо немедленно поменять пластинку”. Баса, ошол кезде Кемпир-Абадды эмес, Керкидан суу сактагычына асылышканда, кандайдыр бир мандем чыгып, упай топтоп алышмак. Анткени, Сооронбай Жээнбеков президент кезинде ушул суу сактагычты өзбек тарап менен суунун шылдырын угузбай алмаштырып ийгенби? “Эмнеге Керкидан суу сактагычын алмаштырды?” деген маселе көтөрүп чыкканда пайдалуу болмок. Анткени, бир үзүм жер гана кайтарылып, бүтүндөй суу сактагычтан куржалак калганбыз. Эмне үчүн ага эч кимдин башы оорубайт? Мени ушул собол абдан кызыктырат...
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити