Жашы жетелек кызды зордуктаган шектүү кармалды
ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн жана Бишкек ШИИББнин КМКнын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган шектүү кармалды. 2019-жылдын 5-октябрь күнү "102" кызматына жашы жете элек өспүрүм кыздын зордукталгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн. Свердлов РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге тез арада жетип, төмөнкүлөрдү аныкташкан: 2019-жылдын 5-октябрь күнү саат 18:00дон 19:00го чейинки аралыкта азият улутундагы, болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам Бишкек шаарынын Шопоков көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинен 2007-жылы туулган жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган. Аталган факты Свердлов РИИБнин КЖБРге Кыргыз Республиксынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши катталган. Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек ШИИББнин жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстан Республикасынын 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу жараны кармалган. Ал курулушта иштеп, Бишкек шаарынын аймагында убактылуу жашап келген. Мурда Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алды. Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
ИИМдин басма сөз кызматы