Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балалуу келинден уулумду кантип ажыратам?

Балалуу келинден уулумду кантип ажыратам?

16-сентябрь, 12:00
1 015 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин төрт балам бар. Күйөөм 2015-жылы кан басымы көтөрүлүп каза болуп калган. Улуу балам 23 жашка чыкты. Өзү менен тең бир балалуу келин менен сүйлөшүп жүрөт. Балам “ошол келинди алып бересиң, болбосо Украинадагы согушка кетип, өлүп калам” деп коркутуп, айтпаган сөзү калбады. Экөөнү жашатып да көрдүм. Келечектери жок, маанисиз жашоолору кейитет.

Балам Москвада таксист болуп иштеп, жакшы эле акча табат. Бир күндө 4-5 миң рубль табарын айтып калат. Бирок келин кечке баламды жамандайт, “иштебейт, жалкоо, уктайт” дейт. “Акчаны мен табам, оокат ашыбызга өзүмдүн апам жардам берет” деп какшанат. Бирди эки кыла албаган, баламды жамандаган бул келинден эмне жакшылык күтөм? Андан баламды кантип ажыратам?


Айчүрөк 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер