Акыркы кабарлар
14:12
» Саясат » Аптаптуу ысык, нааразычылык... Министрдин кымбат сааты сын-пикир жаратканда
Аптаптуу ысык, нааразычылык... Министрдин кымбат сааты сын-пикир жаратканда
23-июль, 00:36


Күндүн табы 40 градустан ашканда көрдүк. Бишкек, Чүйдө свет байма-бай өчүп, элдин нааразычылыгы жаралды. Кондиционерлер токтоду... Мындай аянычтуу көрүнүш жайында болчу эмес. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков алдын ала чараларды көрбөгөнү, элдин муктаждыгына жараша иштей албаганы сын-пикирлерди арбытты. Айтор, бийликтин рейтинги түшүрүүгө жарадыбы? Кызыгы, министрдин сааты соцтармакта талкууланып, баасы 10 миң долларга чейин экени жазылып атты. Өзү бул боюнча үн катканын уккан жокпуз. Коррупцияга шектүү эмеспи?
Айтмакчы, энергетика министри жайында көйгөй жаратып жатса, кышында кантебиз? Ток этерине келсек, ээрге кыйшак отуруп калды өңдөнөт. Көпкө деле узабайт го...










