Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Экс-депутат Жаныбек Бакчиев баңгизатына байланыштуу камакка алындыбы?

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев баңгизатына байланыштуу камакка алындыбы?

09-ноябрь, 15:42
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурда мамлекеттик каттоо кызматынын директору, “Бир Бол” партиясынан депутат болгон Жаныбек Бакчиев камакка алынып, 4-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсунда калганын өздүк булагыбыз билдирди. Ал баңгизаттарды сактоого шектелгени каңкууланууда. Азырынча канчалык деңгээлде чын-төгүнү белгисиз. Негизи Бакчиев Кыргызстандагы бай адамдардын катарына кирет. Бизнес жаатынан да куру калган эмес. Убагында Максим Бакиев, Алексей Ширшов менен ынак мамиледе жүргөнү, кийин Алтынбек Сулаймановдун командасына кошулганы белгилүү. Аныгында, Феликс Кулов, Азим Рой жана маркум Камчыбек Көлбаевге байланышы бар үчүн айрым суроолордун түйүнү чечилбей турабы?..

Ток этерине келсек, Жаныбек Бакчиев саясый оюндардан оолак жүргөнү, бирок таасирдүү адам катары сыпатталат. Камакка алуу менен “кустуруу” аракети көрүлөбү?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер