Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билим берүүнүн кедерин кетирген Догдуркүл Кендирбаева

Билим берүүнүн кедерин кетирген Догдуркүл Кендирбаева

16-май, 00:17
539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушундай. Кадр тандоодогу дагы бир катачылык. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жалпы системаны алдыга жылдыра алган жок. Жогорку окуу жайларын тескөө менен илим багытынан аксап, реформа жасоого шаасы келбесин көрсөттү. Болгону мектеп көйгөйлөрү менен гана алпурушуп, мурдатан айтылып келаткан 12 жылдык билим берүүнү гана таңуулап атат. Бирок даярдыгы жок. Батыштын үлгүсүн көчүрүү, эски ыкманы тууроо менен гана чектелүүдө. Аныгында, коомчулук, ата-энелер тарабынан сынга кабылган кербези. Окуу куралдары, китептер жетишпейт. Жеткени ката, сапатсыз деңгээлде. Бул жагын оңдоону да ойлонбоду. Ошого катар интеллигенция, окумуштуулар чөйрөсүнө ынанымдуу программасын, алган багытын көрсөтө албады. Тек гана жүрүп бараткан машинага жармашып алып, эптеп күн өткөргөндөй элес калтырууда. Билим берүү жана илим жааты Догдуркүл Кендирбаева келгени эч кандай өзгөрүүлөргө бурулуш жасай алган жок. Баардык тармактарда коррупция, чаржайыттык, шалаакылык кенен жайылып, артка кетүүнү байкадыңарбы? Кыскасы, сегиз айдан бери баштаган иши дайынсыз, ара жолдо калгандай образ жаратууда. Мындай жетекчи менен алдыга эмес, артка гана кетүүгө ынанабызбы? Айтор, президент Садыр Жапаровдун ишенимин актабай, эң маанилүү министрликти аксатып салган убагы. Көпкө узабаса керек... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер