Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар кайрадан кайталанбайбы?

Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар кайрадан кайталанбайбы?

17-октябрь, 02:11
1 137 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоо шааниси башталып, талапкерлердин саны күн санап арбып, саясат кызыгына кирип бара жаткан кез. Өзгөрүүнү, жаңы жашоону, реформаларды каалап, өткөн жылы төңкөрүш жасалды.

“Былтыркы шайлоодо кетирилген каталар, кемчиликтер быйыл кайрадан кайталанбайбы?” деген суроо менен активисттерге суроо узаттык.

Канышай Мамыркулова, журналист:

-- Шайлоого даярдыкты, саясатчылардын биригүүлөрүн карап отуруп, кайра эле ошол жолго баратканыбызды билүүгө болот. Эң негизгиси, былтыр кемчиликтерге жол берген, элдин нааразычылыгын жараткан БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайрадан эле кызматта отурат. 30 жылдан бери кыргыз саясатчыларына эч бир саясый окуялар таасир берген жок. Демек, өзгөрүү күткөн элдин ишеними четте калды.

Бектемир Төлөн уулу, жарандык активист:

-- Мурунку шайлоолордо кетирилген мүчүлүштүктөрдүн, катачылыктардын, одоно мыйзам бузуулардын көпчүлүгү босогодо турган парламенттик шайлоодо да сөзсүз кайталанат (!) деп ишенимдүү айта алам. Ага бир гана бийлик башындагыларды күнөөлөө жаңылыштык. Бизде шайлоо (тандоо) маданияты калыптана элек. Мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин дээрлик баардыгы “мамлекеттик кызматта иштегенден кийин биз сөзсүз азыркы бийлик каалаган тараптардын парламентке келишине салым кошуу менен бийликке колдоо көрсөтүүбүз керек” деп ойлошот. Башка карапайым элди алар “атаандаш команда” катары көрүшөт. Мисалы, эң жогорку кызматты ээлегендерден бир адам келип, мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилерине “шайлоону таза, мыйзам бузуулар жок өткөргөнгө жардам бергиле” деп айтып эле койсо, анда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин 100% “биз каалаган тараптын өтүүсун камсыз кылышыңар керек, болбосо жаман болот” деген маңызда түшүнүшөт. Бир дагы мамлекеттик ишкананын жетекчиси (алтургай жөнөкөй мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү) шайлоонун идеалдуу түрдө өтүүсүнө кызыкдар эмес. Буга чейинки шайлоолордо бийлик үчүн жанталашып, одоно мыйзам бузууларга чейин барышкан “ляппайчылардын” бири да сот жообуна тартылып, мыйзамдуу жазаларын алган эмес. Демек, ар бир мамлекеттик кызматкер “эгерде бийликтин каалаган тарабын парламентке алып келүү максатта кандай гана мыйзам бузууларга барбайын, баары бир мени бийлик жазалабайт” деген бекем ишеничте. Алтургай кээ бири “ушул аракетим менен бийликтин көзүнө көрүнүп калсам, кызматым жогорулашы мүмкүн” дегендер да жок эмес. Мисалы, азыркы шайлоодо ажо да, башка таасирдүү төбөлдөр да бир алыскы өлкөгө бир нече аптага эс алууга кетип калышса деле шайлоо ыплас болот. Себеби, мен жазган бийликтин “ляппайчылары” кашык кандары калганча бийликтин партиясын, бийликчил талапкердин эң көп добушка ээ болуусун камсыздоо үчүн күрөшөт, ачык да, жашыруун да айыгышат. Анткени, система ушундай болуп калган. Бизде тандоо маданияты калыптанмайынча, ар бир мамлекеттик кызматкер таза шайлоо өтүүсүн кааламайынча, мурунку кездегидей ыплас шайлоолордун болгону болгон. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн баарынын мээсине айыл өкмөт башчысы, аким, губернатор ж.б. “кожоюн” катары орноп, сиңип калган. Мына кептин баары кайсы жакта?

Жакшылык Матанов, жарандык активист:

-- Былтыркы шайлоо менен быйылкы шайлоонун айырмасы абдан эле жогору деген ойдомун. Өткөн жылы жалаң партияларды шайлаганбыз. Быйыл бир мандаттуу дагы кошулду жана партиялык тизмеде каалаган адамын шайлай алат. Быйыл негизи каражат көп коротулган шайлоо болушу керек болчу. Бирок жеке анализимде, “быйылкы шайлоо да жокко чыгарылат” деген имиш менен көп акча коротпой добуш алганга аракет кылышат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер