Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Эстебесов: “Медициналык туризм мамлекетке эбегейсиз чоң акчаларды алып келет”

Нурбек Эстебесов: “Медициналык туризм мамлекетке эбегейсиз чоң акчаларды алып келет”

08-февраль, 11:28
1 389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азыркы учурда жаш үй-бүлөлөрдө оорукчан балдар төрөлүп, же балалуу боло албагандай көйгөйлөр күч алгандай...

-- Жаңы баш кошуп жаткан үй-бүлөлөр эң алгач “инфекция жокпу?” деп текшерилиш керек. Азыркы учурда мурдагыга салыштырмалуу сифилис ж.б. көптөгөн жугуштуу инфекциялар аябай көбөйдү. Алар билинбей жүрө бериши мүмкүн. Билине турган жана билинбей турган инфекциялар болот. Билинбей турган инфекциялар жүрүп отуруп, уруктукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн (репродуктивный система деп коёт). Ошондуктан биринчи адистерге барып, инфекцияларды текшертүү шарт. Азыркы учурда жаштар инфекция жугузуп алган учурда өз алдынча дарыланышат. Бул абдан туура эмес. Алар биринчиден, эмне инфекция экенин билбей укол алышат. Экинчиден, инфекция жукканда бир эле эмес, көптөгөн инфекция жугат. Бирөөсүн дарыласа калганы калып калат. Ошондон улам кийин чоң көйгөй жаралып, адиске кеч кайрылып жатышат. 

-- Тукумсуздук да күч алууда, кантип алдын алса болот?

-- Тукумсуздук маселеси мурдагыга караганда абдан күч алды. Бул мурда аялдарга гана тийешелүү диагноз катары кабыл алынса, азыр аялзатында 50%, эркектерде 50% болуп катталат. Жарым күнөөсү эркекте болсо, жарымы аялында болот. Ошону менен экөө тең бирдей дарыланышы зарыл.

Тукумсуздуктун себептери ар кандай болот. Биз жогоруда белгилеген инфекциялар, зыяндуу заттар болушу мүмкүн. Зыяндуу тамак-аштар, экологиянын бузулушу жана илимий жол менен тастыкталган пластикалык бөтөлкөлөр да зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат. Эң биринчи кезекте ал да тукумсуздукка алып келет. Негизи эле эркектин организминде кандайдыр бир уулуу заттар, химикаттар болсо, ошолордун эң биринчи таасири урук пайда болууда тийет. Бул жаратылыштын коргоо механизми. Эгер жаратылыш антип коргобосо, оорукчан балдар төрөлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир терс таасир тукумсуздукка алып келет. Жаш үй-бүлө бир жылдай убакытта балалуу боло алышпаса, текшерилип баштоолору керек. Тукумсуздук бир адамга эмес, эки түгөйгө тең коюлат.  

-- Учурда Кыргызстанда урология кандай деңгээлде?

-- Бүгүнкү кундө жалпы кыргыз медицинасы, анын ичинде урология дагы союз мезгилине салыштырмалуу артка кетти (!) десек болот. Бирок эки-үч жылдан бери жеке ишканалардын демилгеси менен жаңы инновациялык дарылоолор,  операциялардын түрлөрү ишке кирип баштаган маал. Медицина социалдык фактор болгонуна байланыштуу, мамлекеттик жардамдар болсо түзүгүрөөк болмок. Түркияда деле мындан 30 жыл мурун башкалардай эле медицинасы орто деңгээлде болчу. Мына, медициналык реформалардан улам Түркия, Корея өлкөлөрү болуп көрбөгөндөй секирик жасашты. Анткени буларда мамлекеттик программалар бар. Ошондуктан укмуштуудай “мемориал госпитал” сыяктуу гигант клиникалар пайда болду. Негизи, медициналык туризм мамлекетке эбегейсиз чоң акчаларды алып келет. Ар бир операция 10 миң доллардан 100 миң долларга чейин төлөнөт. Ошолордун жолун жолдогонго бизде деле мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан кимде-ким жеке ишкана же инновациялык жаңы методдор менен иштей турган болсо, чет элден бейтаптарды алып келип операция жасай турган клиникаларды ача алсак, мамлекет аларды жок дегенде салыктан бошотуп, арзан кредиттер менен касыздаса оңдуу болмок. Бул мамлекетке дагы, клиникаларга дагы аябагандай жакшы да. Медициналык туризмдин өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошулмак. Бул үчүн өтө көп каражаттын деле кереги жок. Ансыз деле канчалаган гранттар келип жатат. Ошондой гранттарды “жеке ишканаларыңарды өнүктүргүлө” деп ишкерлерге берсе, Кыргызстанда 5-10 жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги клиникалар пайда болмок. Жок дегенде Борбор Азиянын рыногуна иштей алмакпыз. 

Экинчиден, кадр маселеси. Сөзсүз түрдө бүгүнкү күндө дарыгер болуп иштеп жаткан адис англис тилин билиши зарыл. Адистер 1-2 жыл сайын инновациялык жаңы ыкмаларды үйрөнүп, ошолорду Кыргызстанга киргизүү – учур талабы. Медициналык ЖОЖдорго көзөмөлдү күчөтүп, алардын клиникалык базалары эл аралык деңгээлге жооп бере турган операцияларды үйрөнүп чыгуулары шарт. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги сертификаттары болушу керек. Ошондо гана медицинанын жалпы деңгээли көтөрүлөт да.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер