Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сотторго үлгү боло албаган Базарбеков бийликтин аброюн кетирүүдө

Сотторго үлгү боло албаган Базарбеков бийликтин аброюн кетирүүдө

28-октябрь, 12:00
598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соттор иш жүзүндө милициялардан кем калышпай эле УКМК тарабынан кармалышып, коррупцияга айыпталышууда. Билинбей шорду катырышып, сом менен миңдеген долларларды солоп жатышканы канча? 90 пайыздан ашык соттор коомчулукка жексур көрүнүп жатышса, кандай баа берүү керек? Өтө жагымсыздык жаралууда. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков уялып, өз ыктыяры менен ээлеп отурган креслосун таштап кетпейби? Моралдык жактан сынып, биротоло “өлгөнчө”, кичине жүзүн сактап калышы керек да. Бирок бизде чиновниктер оңой менен арыз жазып кете беришпейт. Сөзсүз түрдө кубалап, же президент айдап ийгенче тырмышып отура беришкенин кантебиз? Базарбеков колунан иш келбей турганын, сотторго үлгү боло албаганын ачык айтып, абийирин сактоо менен баса бербейби? Кыргызда “ооматы кетип калды” дейт. Окшошпосо деле бакыйган орунду ээлеп, отура береби? Бийликтин аброюн кетирүүгө салым кошпой, жигитче басып кетсин! Уят... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер