Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Төрөбаев оппозициялык ишмердигин курчутса, камалып калышы мүмкүн

Бакыт Төрөбаев оппозициялык ишмердигин курчутса, камалып калышы мүмкүн

24-октябрь, 16:26
722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Парламенттик шайлоодогу 9%дык чектен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев коркпой турганын, күчтүүлөр жеңишке жетерин билдирип келет. Ошого катар өкмөттүн ишмердигин да сынга алып, жакында өлкөдө кризистик кырдаал жараларын да эскертүүдө. ЕАЭБдин шартына жараша жаңы жылдан тарта салыктардын көтөрүлүшү менен экономикада абалыбыз начарлап, элдин нааразычылыгы курчуй турганы да байкала баштады. Түпкүлүгүнөн алганда, Бакыт Төрөбаев бийликтин ишмердигин байма-бай сындай баштады. Аныгында, ал жашоо өзгөрбөгөнүн жар салуу менен оппозицияга өтүп, элдин таламын көп айтып, рейтингин көтөрүү жолуна түшкөнү ачык байкалды. Атамбаевдин доорунда да Бабанов президенттикке аттанганда Төрөбаев тандемге бара калып, бийликке каш кайтарган болчу. Аягында мамлекеттик машина артынан бураганда айласы кетип, Атамбаевди резиденциядан мактап-жактап атып кутулган. А болбосо тагдыры жарга асылмак. Эми да эски өнөрүнө салып, бийликке азуусун көрсөтүүдө, президенттик аппарат “иштерин” каздырып, каматып салбайбы? Мүмкүн...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер