Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» №1. Сухбатила Мирзоев: “Партиянын максаты – мигранттардын абалын жакшыртуу”

«Биримдик» №1. Сухбатила Мирзоев: “Партиянын максаты – мигранттардын абалын жакшыртуу”

25-сентябрь, 12:46
873 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясый партиясынын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын учурдагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана коргоо, ошондой эле ар бир жаран үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жашоо орнотулган демократиялык социалдык мамлекетти куруу болуп саналат” деп билдирди партиянын тизмесиндеги талапкер Сухбатила Мирзоев Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда. 

Ошондой эле мигранттардын санын азайтуу үчүн эң алгач өндүрүштү өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү жана социалдык саясатты жакшыртуу керектигине токтолду. Талапкер бул жаатта партия өзүнүн программасын иштеп чыкканын, мамлекеттик социалдык саясат улуттук кызыкчылыктарга жооп берүүгө тийиш экенин кошумчалады.  

“Мамлекет өз ишмердүүлүгүндө  жарандарынын жашоо деңгээлин жана анын сапатын жогорулатуу үчүн жумушсуздукту тѳмѳндѳтүүгѳ, жарандардын кирешесин жѳнгѳ салууга таасир этүүчү социалдык саясат жаатында иш алып барат. Анын негизги максаты -- эмгек миграциясынын санын кыскартуу. Ал эми "Евразия" концепциясынын алкагында тышкы саясаттагы позициясы чет өлкөлѳрдѳ иштеп, окуп жаткан кыргызстандыктардын абалын жакшыртат”, - деди Мирзоев. 

Эске салсак, «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо” саясый партиясы өз программасында жоопкерчиликтүү жана компетенттүү социалдык саясаттын негизги приоритеттүү багыты катары социалдык адилеттүүлүк принцибин камсыз кылуу, жумушсуз калган жарандарга мыйзамга ылайык өлчөмдө, керектөө бюджетинен төмөн эмес өлчөмдө жөлөкпул төлөп берүү, социалдык турак жай программасын ишке ашыруу негиздери камтылган. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер