“Уруулар чогулушуп, эт жешет, алар эч качан төңкөрүш жасай алышпайт”
-- Акыркы кездерде айрым уруулардын аттуу-баштуулары, байлары чогулуша башташты го? Бул көрүнүштүн саясый кырдаалга кандай таасири тийет?
Бөдөш Мамырова, экс-депутат:
-- Кандай таасири тийерин так айта албайм, анткени бул көрүнүш акыркы жылдарда абдан күч алып баратат. Мурда-кийин практикаланып, саясый айдыңда маанилүү бир натыйжа көрсөтпөгөндүктөн, бир жактуу пикир айтуунун өзү орунсуз. Мындай чайлашууга катышып, эмне сөз болгонун, максаты кандай экенин ичинен байкап, табиятын анализ кылбагандыктан, аныктама берүүдөн алысмын. Менин оюмча, жөн гана кыргыздардын уруулук салтын ачыктап, кандай уруулар бар, кимдер кайсы уруудан экенин билип алуу го... Саясый кырдаалга таасири деле болбойт. Анткени өңчөй чиновниктерден турган тандалма чайлашуу мүмкүн майда-барат, жеке өздөрүнө таандык көйгөйлөр боюнча пикир алышаттыр... Бирок, бир пикирде болушуп, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” топко айланышып, алдыдагы саясый өнөктүккө таасир этишет (!) дегенден бир аз карманып турам. Себеби, урууну бир дем менен баштап кете турган лидер, уруу башчы көрүнө элек.
Исмаил Исаков, генерал:
-- Совет доорундагы “Советтик жаран” деген идеологияны ошол учурда жашаган элдердин мээсине сиңирүү аракеттеринин кесепети, союзда жашаган улуттардын тарыхына, тилине, үрп-адат жана каада-салттарына болуп көрбөгөндөй терс таасирин тийгизген болчу. Андай идеолгиядан баш тартканыбызга отуз жылдан ашса дагы, өзүбүздүн тарыхыбызды жакшы билбейбиз. Аны ар тараптан терең иликтегенге жетишкен жокпуз, аларды иликтөө үчүн каржы маселесин камсыз кыла албадык. Тил маселесине өзүбүз кайдыгерлик кылып, эне тилибизди дагы жогорку деңгээлде өнүктүрө албай жатабыз. Бул маселе боюнча мамлекеттик органдардан башка жеке менчик ишканалар, кыскасы, бардык тармак иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнү төрага Нурлан Шакиевдин демилгеси менен өткөн жылы мыйзам кабыл алынган да, анын аткарылышын көзөмөлдөө талапка ылайык болбой жаткандай. Шаарларыбыздын жана кээ бир айылдарыбыздын аттарын алмаштырууда советтик идеологиянын барымтасынан чыгалбай жатабыз. Үрп-адат, каада-салт боюнча дагы кемчиликтер мындан көп. Ушунун алкагында Конституциянын 21-беренесинде “Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо – элдин ыйык милдети” деп ташка тамга баскандай бекитилген нормадагы ыйык милдетибизди аткарбай, каада-салтты сактабай, улууларыбызды урматтап, кичүүлөрүбүздү ызааттоонун ордуна, соцтармактарды карасаң, оозго алгыс сөздөр менен ашатып, болгондо дагы негизсиз кемсинткен улуу-кичүүнүн дарегине айтылган сөздөрү угасың... Мына ушундай көрүнүштөрдүн арасында уруулардын биригиши кээ бир жарандарыбызга өөн учурап жаткандай сезилет. Менин жеке оюмда, мындай көрүнүштөн чочубашыз керек. Мунун артында өздөрүнүн урууларынын ынтымактарын бекемдөө, ата-тектерин тактоо, жаш муундарга билдирүү менен алардын эсине салууга аракет кылып жатышса керек. “Жети атасын билбеген кул” деп бекеринен айтылбаса керек. Мындай көрүнүш ошол кулдуктан чыгуу жолдорунун бири десек туура болчудай. Кулдар же кул мүнөздүү жарандар эч качан мамлекетин өнүктүрө алышпайт. Алар эч качан өз элинин жана малекетинин патриоту дагы болушпайт! Ошондуктан, мындай чогулуулар мамлекетке эч кандай коркунуч жаратпайт, саясый кырдаалга таасирин тийгизбейт жана тийгизе албайт деген ишенимдемин. Кайра элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө салымдарын кошот деп ойлойм.
Сонунбүбү Кадырова, алып баруучу:
-- Чогулушуп кайда бармак эле?! “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” дегендей кеп да. Эл эле ошолорго жол берет бекен? Калдайган калк турбайбы.
Азыркы бийликтин душманы оңой эмес. Ошого карабай баарын жолго салып, күнүгө уурунун ар кандай түрүн колго түшүрүп жатышат. Эл байлыгы үчүн башын сайган азаматтарга жардам берели. Эски чириген системага тамырлап, сиңип кеткендер чырмооктой муундуруп баратышкан. Азыр отуз гана пайызы колго түшүп, бети ачылды деген ойдомун. Дагы далай былыктардын беттери ачылат. Буга бир гана ушул азыркы бийликтин эрки жетет. Камчыбек Ташиев өзү деле айтып жатат, “бизге жардам бергиле” деп. Эл жардам берүүсү өтө зарыл.
Баялы Саркулов, активист:
-- Жеке менин пикиримде, мындай жолугушуулар негизинен болуп турганы жакшы. Мен мындай жолугушууларды салтыбыз, маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыздын бир элементи катары карайм. Учурда улуттук баалуулуктар да өтө эле деградацияланып баратат. Ар кандай сырткы баалуулуктар элге сиңип, элдин ички руханий биримдигин ыдыратып бараткан жагдайлар жок эмес. Ажырым күн сайын чоңоюп бараткандай. Эл кимди ээрчишти билбей калды. Ушундай учурда жолду ата-бабалардын жолунан издөө балким туурадыр. Бирок чынымды айтсам, жогорудагыдай жолугушуулар деле улутка уңгу боло алчу мыкты деңгээлге көтөрүлө албай жатат. Мен көп эле ушундай жолугушууларга, курултайларга катыштым. Баягы эле Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык менен ырдап-чоордоп, уруу башчыларын шайлап, анан акырында бата берип тарап кетмей. Бүттү.
Ал эми “саясатка кандайдыр бир таасир бере алабы?” деген сурооңо мен "жок!" деп эле кесе жооп берем. Балким, бийликке кандайдыр бир сес көрсөтүү катары көрүнүп, артыкча иш, түйшүк жаратышы мүмкүн, бирок уруулар эч качан төңкөрүш жасай алышпайт. Себеби ошол эле уруунун мен деген бир топ азаматтары бүгүн деле, кийин деле бийликтин бир бучкагын кармап отурган болот. Биринин кудасы, биринин досу жана башка...
Андан сырткары, саясый, руханий, социалдык позициялары да ар башка. Ошондуктан мындай чогулуштар айрым бир кадрдык эле маселелерге таасири тийип, өздөрүнүн уруусунун үч-төрт азаматына бийликтин бир бутактарынан орун алып берүү менен эле чектелиши мүмкүн. Бирок уруулар ичиндеги карым-катнаш, биримдик, уюшумдуулук, өз ара жардамдашуу сыяктуу социалдык маселелерге жакшы жагы көп эле болот. Мындан качпаш керек.
"Азия Ньюс" гезити