Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Мамлекет үчүн сын-пикир айткан оппозиция керек”

-- Ибрагим Кожоназарович, эмнегедир экономикалык жаңылыктар айтылбай калды го?..
-- Экономиканы көтөрүү боюнча ой-пикирлердин жок болуп калгандыгы Акылбек Жапаровдун көптүргөн оозунун жоктугу го... Негизи экономикада өнүгүү бар. Болгону ошону көбүртүп-жабыртып көрсөтүп койчу эмес беле. Реалдуу иш кылган башка. Менимче, алдыга жылууга аракеттер көрүлүүдө...
-- Камай берип, бийликти сестенткен оппозияцияны жоготуп алган жокпузбу?
-- Оппозиция мамлекет үчүн керек нерсе, эгер татыктуу сын-пикир, сунуш айткандар болсо. Бизде оппозиция дегендер бийликти басып алганга уюшулат же бир кызматка барганга соодалашышат. Чынында оппозиция бийликти сындап, ошол эле учурда жолду да көрсөтүп турушу керек. Антпесе куру сөз катары калып, баркы кетпейби. Мага Сталиндин бир сөзү жагат: “Сындасаң, сунуш кыл. Сунуш кылсаң, аткар” деген.
Айпери Асылбекова
"Азия Ньюс" гезити