Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Фейктерди күчөтүп, өркүндөтүү зарыл”

“Фейктерди күчөтүп, өркүндөтүү зарыл”

18-июль, 13:45
743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин белгилүү саясатчыларыбызга карата кара пиар күч алууда. Парламенттик шайлоо жакындаганы саясый топтор арасындагы маалыматтык согуш чыңала баштаганы ырас. Бул саам интеллектуалдык күрөш эмес, фейктердин каралашмайы "дөбөгө" чыкты. Мындай көрүнүштүн аягы эмнеге алпарат? Эл астындагы таасири канчалык?.. Дал ушундай собол таштадык. Жообун бирге тыңдап, бирге угалы.

Камила Талиева, коомдук ишмер:

-- Кыргызстанда пандемия күчөп турган убакта, анысына карабай шайлоо жакындаган сайын саясый топтордун арасында интригалар, көмүскөдөгү оюндар ырбады. Бул жерде саясый интеллектуалдардын күрөшү 5-10% болушу мүмкүн. Калган 90-95%ы жалаң көмүскөдөгү фейктердин бирин-бири караламай, кара пиар жүргүзүү менен жамандамай күч алууда. Айтып коюш керек, эл андайларга ишенбей калды. Анын ичинде саясаттын сасык оюндарына. Калайык калк азыр саясат менен иши жок болуп атат. Бирден-бир максаты: “пандемиядан аман калалы, эл тынч болсун” деген тилектин арты менен жашап жатат. Эгер пандемия күч алып, токтобой, артка кайтпай турган болсо, шайлоону өткөрүү өтө кооптуу. Эң ириде шайлоо эмес, адамдын өмүрү кымбат. Фейктердин тараткан жалган маалыматтары андай учурда суу кечпейт.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- Саясый топтордун, бирикмелердин, ошол эле фейк болобу, алардын арасындагы маалыматтык күрөш кыргызстандыктар үчүн абдан манилүү нерсе. Оң таасирин берет. Себеби, алар бири-бири менен күрөшө берсин. Колдон келсе биринин кемчиликтерин бири чукуп чыксын. Жетишпеген, алсыз жактарын көрсөтүшсүн. Өздөрүнүн элге керектүү жактарын калайык калкка, коомго тартууласын. Саясый атаандаштык дейбизби же фейкпи, бул бизге керек. Андайларга тыюу салууга болбойт. Колдон келсе күчөтүп, өркүндөтүш керек. Албетте, жеке инсандык кадыр-баркына, беделине доо кетирбегендей маанайда алып чыгып, коомго оң жагын белгилей турганына ыктаганыбыз оң. Пандемияга шылтап, саясый атаандаштыкты солгундатканда, алдыдагы шайлоого терс таасирин берип коюшу ыктымал. Баягы эле партократ бийлик шайлоону жымсалдап, эл күткөндөй болбой калат. Дагы бир жолу айтам, соцтармактагы атаандаштыкка жол беришибиз керек. 

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

-- Бул шайлоо 30 жылга жакын арадагы шайлоолордун эң кымбаты, эң ызы-чуусу көп, өтө ашыкча саясатташкан, өтө көп соцтармак аралашкан, өзгөчө фейк, ушак, бирин-бири жамандаган, заказ аткарган, акчага сатылган арзыматтар көп болчудай түрлөнүп калды. Анткени, шайланган парламент эмки президенттин ким болорун аныктай турган, тагдырын чече турган Жогорку Кеңеш болот. Депутаттардын кайсынысы парламентке өткөнүн билип эле эмки ажо ким болорун абай салып аңдап койсоң болот! Келерки депутаттар арасында негизинен шайлоо шарапатындагы акыл таймаш эмес, акча атаандаштыгы, фейк кармашы болот! Айтты-айтпады дебегиле. Биз ушуга баратабыз.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер