Сонунбүбү Кадырова, алпаруучу: “Президентибиз кадр жагынан өтө кыйналууда”

-- Мамлекеттик ооруканаларда жабдуулардын эскиргени, тейлөөнүн начардыгы, кезекке туруу, орун жетишсиздиги качан чечилет? Сөзсүз эле ажо кыдырышы керекпи?
-- Бул тармак өлкөбүздөгү элге эң керек тармак. Башкача айтканда, мамлекеттин бирден-бир эң маанилүү көңүлү бурулуп, көптөгөн баштарды оорута турган мекеме. Демек, бул жерге олуттуу карабаса, өлкө өз алдынча мамлекет болгону менен ден соолугу чың жарандарсыз өнүгө албайт. Эң негизги маселе – ден соолук, элдин саламаттыгы. Ошондуктан бул жерге бир эле кесипкөй эмес, улут үчүн ичкен ашын жерге койгон мекенчил, иштин көзүн билген уюштургуч жетекчи келүүсү шарт.
Ал эми кийинки кезде жалгыз эле ажо кыйкырмайынча иш жүрбөй калганынын бир себеби – кызматка келген жетекчи эл үчүн иштөө деген эмне экенин билбейт. Кыймылдагандан коркот. “Минтсем урушат, тигинтсем кетип калам го” деп калтырап-титиреп отурат. Бирок эмнеси болсо да эл үчүн жасалып жаткан ишке эч ким эч нерсе дей албайт, кайра ыраазы болот да. Президентибиз кадр жагынан өтө кыйналып жатат. Ал эми бездарныйлар эл үчүн иштей тургандардын жолун тосуп, ажого жеткирбей келишкендей...
"Азия Ньюс" гезити