Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин шаарда үйү жок, квартирада жашаганы таңгалдырды

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин шаарда үйү жок, квартирада жашаганы таңгалдырды

11-февраль, 09:00
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр улам-улам калаа башчылары алмашып, кыйла эле кыйсыпыр түшүп жаттык. Алардын аты-жөндөрүн толук деле эстей албайбыз. Коомдо салмагы жок пенделер... Ал эми Бишкек мэрлигине Айбек Жунушалиев келгени туруктуулук орноп, бирок ишмердигине сындар айтылып келет. Кайсы бир кемчиликтерин жоюуга өзү реакция жасап, пиар менен алектенбегени байкалды. Бир жагынан шаардык кеңештин бай депутаттары кыр көрсөтүшүп, ар түрдүү оюндарды жүргүзүп келишет (коррупцияга баткан, маслократтардын балдары). Каарманыбыз болсо баарына чыдамдуу, жөнөкөй, саясаттан да алыс экен. Эң кызыгы, Айбек Жунушалиев учурда Бишкекте үйү жок, квартирада жашаганын эшиттик. Мындай башта болбосо керек. Акыркы эле отуз жылда иштеп кеткен мэрлерди сыдыргыдан өткөрүп көргүлө, жалаң байларды гана санай алабыз. Ал эми Жунушалиев 45 жашка чыгып калса да, бир топ кызматтарды аркалап, бирок кедей болгону таңгалдырууда. Айлыкка гана күн кечирген чиновниктин жашоосу ушундай тура. Үлгү алыш керекпи, же эмне дейсиңер? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер