Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Талапкерлердин көбүн 1 миллион сомдук күрөө, 30 миңдик кол топтоо кулатат”

“Талапкерлердин көбүн 1 миллион сомдук күрөө, 30 миңдик кол топтоо кулатат”

20-ноябрь, 19:28
960 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө өтө турган президенттик шайлоого 65 жаран документтерин тапшырган. Экөө шайлоого катышпай турган болуп, кайрадан документтерин артка кайтарып алышты. Ошентип, президенттикке аттангандардын саны 63кө келип такалды. Мамлекетти башкарууну каалагандардын ичинде саясатчысы, ырчысы, тыңчысы да бар. Биздин редакция ар тармактын адамдарына “Президент болууга ашыккандардын арбын болушунун себеби эмнеде?” деген собол салды.

Руслан Акматбек, жарандык активист:

-- Шайлоо жана шайлануу укугуна ар бир жаран ээ. Ошондуктан, бул демократиялык процесс. Ал эми талапкерлердин арасында ар түрдүү кесип ээлери бар экен. Алардын ичинен президенттикке талапкерлик кылган саясатчыларга токтолсок, алар өздөрүн парламенттик шайлоонун алдында пиарлап алуу аракетинде. Ал эми жөнөкөй эле жарандардын ат салышуусу – президенттик кызматка карата протест. Анткени, акыркы президенттер бул кызматтын деңгээлин төмөндөттү. Бул – улуттун лидеринин даражасы түшүп кеткенинин белгиси.

Алмаз Тажибай, саясый серепчи:

-- Бул – демократиянын белгиси. Аны конституциялык укук менен жарандар колдонуп калыш керек. Арбын талапкерлер, көп ойлор, сынчыл мүнөзгө элди ойготкону жакшы. 

Эмил Үмөталиев, ишкер:

-- Башында талапкер болгондордун көптүгү жаман эмес. Бирок, электенип, татыктуулардын калышына эреженин жоктугу кемчилик. Менимче, дебаттан күч сынашуу сыяктуу эрежелер түзүлсө болмок.

Адил Турдукулов, жарандык активист:

-- Менталитетке да байланыштуу. Анткени биздин элде кызмат ээлеп, папка көтөрүп жүрүү баарынан маанилүү. Экинчиден, БШКга 60тан ашуун билдирүү таштаган талапкердин көбү эле 1 миллион сомдук күрөө жана 30 миңдик кол топтоо маселесине келгенде артка чегинишет. Ошентип, он чакты талапкер президенттикке аттанат. Бул нормалдуу эле көрүнүш да.

Ибраим Нуракун уулу, журналист:

-- Канча көп киши чыкса, ошончо жакшы. Биз башка кошуна өлкөлөрдөн айырмабыз ушул эмеспи. Алты миллиондун баары президент болгусу келет, эркин, өз каалаганын кылат, эч кимден коркпойт. Башкаларда бир эле киши чыгат, ошол эле алат добуштун 99 пайызын, кээде 110% болуп кетишет. Атаандаштар да шайлоо күнү өзүнө эмес, ошол жекебасар диктаторго беришет. Адамдардын эркиндиги – биздин чоң байлык деп ойлойм.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер