Элвира Сурабалдиева акчанын күчү менен парламентке өтөрү болжонууда

Байлыктын күчү менен саясатка аралашкан аялдар саналуу гана. Алардын көч башында Элвира Сурабалдиева атасынан калган дүнүйө-мүлкү менен өзгөчөлөнүп турат. “Токочтуу бала сүйкүмдүү” дегендей, акчасы көп үчүн сулуу да көрүнөт тура... Саясаттан убактылуу тыныгуу алган Элвира айым Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи Май округунан парламенттик шайлоого аттанган кербези. Айрым эксперттердин баамында, ал каражаттын күчүнө салуу менен Жогорку Кеңешке өтүп кетиши мүмкүн. Добуш сатып алуу жагынан тийешелүү органдар тыкыр көзмөлдөшөрү ырас. Амалдуу талапкерибиз үгүтчүлөрүн арбын жалдоо менен көпчүлүк добушка ээ болууну максат коюп аткандай. Сүрмө топтон жаза баспас бекен? “Суулуп” турган Сурабалдиеванын атаандаштары да оңой эмес. Оюндан чыгаруу аракеттер катуу көрүлчүдөй...
"Азия Ньюс" гезити