Зулайка Усупбаева: “Урматтуу Улан Ниязбеков, кошуна жашаган эки милиция кызматкериңизден запкы жеп бүттүм!”
Биздин кеңсебизге Зулайка Усупбаева айым башбакты. “Азыркы ИИМ башчысы Улан Ниязбеков өзүнүн карамагындагы кызматкерлердин туура эмес жасаган иштери боюнча тазалоо жүрүп жатканы боюнча жазганыңарды угуп алып келдим эле” дейт. Биз Зулайка айымдын жүйөлүү кебин угуп көрдүк.
-- Зулайка айым, анда сөз сизде, болушунча ток этер жерин айтыңыз...
-- Сиздердин “Азия Ньюс” гезитинен “ИИМ башчысы генерал Улан Ниязбеков мырза кол алдында иштеген кызматкерлердин жагымсыз жагдайлары боюнча чара көрүп атат” деген макаланы окуп калып, ушул боюнча сиздерге кайрылып атам. Себеби, биз жашаган үч кабаттуу үйдө эки милиция кызматкерлери жашашат. Бишкек шаарынын Ленин районунунда Мелис аттуу кызматкер өз үйүндө оңдоо-түзөө иштерин...
-- Фамилиясы жокпу?
-- Фамилиясын билбейм, “Мелисмин, милициянын подполковнигимин” деп формасы менен таанышкан. 2003-жылы биз жашаган үйдөн квартира алган. Ал жигит “биз квартираны ремонт кылабыз. Эгер сиздердин квартирага залакасы тийсе, биз чыгымын толугу менен кайтарып беребиз, баардыгын мойнубузга алабыз” дешкен. Биз оозеки эле макул болдук. А чын-чынына келгенде, андай болгон жок. Ойлорунан кайтып, акыр-аягы кетирген залакаларын өзүбүз жасап тындык. Мелис мырза алган үйүнө квартиранттарды киргизип салды. Алар улам-улам затоп кыла берди. Бул боюнча атайын акт кагаздарым бар. Анысы аз келгенсип экинчи милиция кызматкери көчүп келди. Алишер Мансурходжаев деген. Биз 1-кабаттабыз. Алишер 3-кабатта. Мени менен дубалдаш кошуна орус аял бар эле. Спирт ичимдигин жакшы көрчү. Тез арада эле ушул орус аял менен жакшы мамиледе болуп калышты. Мансурходжаевдин аялы да ичимдикке жакын адам экен. Экөө киришип-чыгышып, орус кошунамдыкынан тез-тез көрүп калчу болдум.
-- Ал орус кошунаңыз азыр барбы?
-- Жок, ал аял бир күнү эле каза болуп калды. Аз өтпөй ал квартирага Мансурходжаевдер көчүп келди. Бу жагы да аябай күмөн жараткан иш болууда. Эми ал менин ишим эмес дечи, бирок ошол жерде жашагандан кийин подъезддеги тазалык-тартипти кармашы керек. Алар бизди кемсинтишип, өздөрү аксөөк, ак кол болгонсуп, бул жаатта эч колкабыш кылышпайт. Айтсаң ороңдоп уруша кетишет. Нечен ирет кол көтөргөн учурлары болду. Өзүм жалгыз бой аялмын. Бул боюнча да медициналык экспертизадан документтерим бар. Мээм чайкалды, ушулардын айынан ден соолугумдан ажырап атам. Бирдеме болсо эле мен күнөөлүү болуп калам. Милициялыгына салып, аялы ичпеген, чекпеген, сүттөн ак адам болуп калат. Мен аларды “сабаган” киши болуп чыга келем. Наадандыктын да чеги болуш керек го! Назик аял эмес эле, тентек, бунт чыгарган адам кылып салышат. Мен аны “уруп” салат экенмин.
-- Укук коргоо органдарына, сотко кайрылган жоксузбу?
-- Кайрылбаган жерим калган жок. Баардык жерде “карга карга көзүн чукубайт” дегенге капташам. Арыз бербеген, даттанбаган жерим калган жок. Алсак, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылсам, алардын тергөөчүлөрү кайра мени күнөөлөп коюшту.
-- Азыр кайсы даректе турасыз жана иштеген телефон номуруңузду айтсаңыз?..
-- Чүй проспектиси №55те турам. Телефон номурум 0500-99-88-78.
Урматтуу Улан мырза, сиздин эки милиция кызматкериңизден запкы жеп келем, чара көрүп коюңузчу?!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити