Акыркы кабарлар
» Саясат » Тазабек Икрамов электораты менен тыгыз иштешип, билек түрүп калганда
Тазабек Икрамов электораты менен тыгыз иштешип, билек түрүп калганда
26-ноябрь, 12:00


Депутат Тазабек Икрамовдун айрым тарапташтары кармалышканы ыраспы? Бул боюнча так маалыматтар эки тараптан тең ачыкталбай турат. Балким кармалгандардын себептери болгондур, же?.. Ал эми биздин баамыбызда, Тазабек Икрамов кичи мекениндеги электораты менен тыгыз иштешип, улак өткөрүп, чай берип, айтор, өзүнчө даярдык көрүп аткандай. Эмнеге? Көп нерсе ачык айтылбайт. Сузактагы колдоочулары Тазабек Икрамов үчүн туруп беришерин каңкуулашып, өз ара талкууга алышып, дуулдап жаткандарында кандай сырлар бар? Акыры радикалдуу оппозициялык айдыңга кадам таштайбы? Бийликке карата тартынбай сын айтып, айбат көрсөтүп калганында кө-өп маселе бугуп жаткандай. Жөн жерден билегин түрүнбөйт эле...
"Азия Ньюс" гезити











