Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чек арадагы мүчүлүштөрдүн сыры кайда?

Чек арадагы мүчүлүштөрдүн сыры кайда?

29-май, 21:06
1 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кол коюлган протоколдо 1924-1927-жылкы, 1989-жылкы карталар колдонулган. Эсиңиздерге салсак, Тажик АССРи 1924-жылы 14-октябрда Өзбек ССРинин курамында түзүлгөн, ал эми 1929-жылы 16-октябрда өзүнчө Тажик ССРи болуп, ошол эле жылдын 5-декабрында СССРдин курамына кирген.

1. Тажик тарап мүмкүнчүлүгүнүн болушунча өз кызыкчылыгын жогору коюуга аракет кылып, өздөрүнө кызыкдар карталарды колдонушкан.

2. Эки тараптуу “тособуз” деген чек ара тилкелеринде илгертеден талаш болгон эмес, ал жерлерди негизинен адырлар түзүп, эл жашабайт. 

3. Негиз кылып алган карталар башка жерлерди жазып баштаганда тажик тараптын таразасына ооп кетет.

4. Чек ара тилкелерин жазуу менен бирге негизги тополоң чыккан жерлерде топографикалык жумуштардын башталышы көңүл жылытарлык иш. 

“Биздин жумушчу топ Кыргызстандын кызыкчылыгын тийешелүү деңгээлде коргой алабы?” деген суроо туулат. Себеби, негиз, фундамент кылып алынган карталар көбүнчө тажик тараптын кызыкчылыгына иштейт.

5. Тажик тарапка бериле турган жол боюнча: эки тарап биргелешип салабыз дегени туура, бирок анда чек ара көзөмөлүн кыргыз тарап такыр жоготуп алат, бизде басым кыла турган рычаг келечекте калбай калат.

6. Өзүнчө келишим менен бекитүү чек ара көзөмөлүн жок кылып, жолдун эки тарабын тосуу, алуу дегенди түшүндүрүп, тажик тараптан өткөн бир жолго, объектиге байлап коёт. Кыргыз унутчаак калк болобуз, ошондуктан кылдат мамиле жасаш керек!

7. “Баткен районун фактически колдонгон” деген сүйлөмү Кыргызстандын утушу. Себеби, Ворух анклавын тажик тарап эч качан анклав катары тааныбай, массив деп келишкен. Бул сүйлөм анклав деп тааныганынан белги берет.

8. Тажик тарап жолдун долбоорун кыргыз тарап менен сөзсүз түрдө макулдашышы керек, себеби Лейлек районун көз каранды кылып алууга аракет кылышат. Ошондуктан Жака-Өрүктөк (төрт көчөдөн) эстакадалык көпүрө менен алып өтүп кетүүсү зарыл. Эгерде азыркы жол менен алып өтсө, Лейлек району анклавда калуу коркунучу бар.

9. Сөзсүз түрдө келишимде 275 метрдин тагдырын чечип, тескерисинче, биз Көк-Таш айылынан Ортобоз айылына чейин эстакадалык көпүрө менен алып өтүшүбүз зарыл. Ошондо толук кандуу көзөмөлдөн чыгат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер