50 миң сом пара алып, аялды сүздүрө качкан полковник кармалды
50 миң сом пара алып жаткан жеринен ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын бөлүм башчысы кармалды.
7-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына аял киши кайрылып, ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкери Н.Б.га чара көрүүнү суранган. Кайрылган аял анын жолдошуна карата кылмыш ишин оң жакка чечүү үчүн 3 миң доллар сураганын билдирген.
23-ноябрда аталган полковник чининдеги бөлүм башчы, аялдан сураган 3 миң доллардын алгачкы суммасын 50 миң сомду алып жатканда колго түштү.
УКМК кызматкерлери полковникти кармап жаткан учурда ал качып кетүүгө аракет кылып, унаасын айдай качкан. Ошол учурда качкан полковник арыздануучу аялды да сүзүп кеткен. Аял ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу.
Ал эми пара алган шектүүнү болсо ыкчам топ ошол замат кармады. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери башталды.
Aryba.kg