Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пирматов мамлекетке эмес, таасирдүү күчтөргө миллиондорду которгонбу?

Пирматов мамлекетке эмес, таасирдүү күчтөргө миллиондорду которгонбу?

09-апрель, 09:12
610 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда Исхак Пирматовго кылмыш иштерин козгогон. Ал “Кыргызнефтегазды” жетектеп турганда бир канча миллион долларды жеп кеткени боюнча айыпталганы эсибизде. Депутаттык кол тийбестигине карабай Пирматов камаларда, президенттик аппараттагы Икрамжан Илмияновго ортомчулар түшүү менен сактап калышканы талкуу жаратпады беле? Шопур жөн эле калкалайбы? Алчусун “пачкелеп” сугунса керек да, ыя? 

Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен кынык алган Исхак Пирматов Бишкек мэри Албек Ибраимов менен дос болуп, чогуу-чаран көшөгө артынан акча таба башташканын кайда жашырабыз? Шаар ичинен арбын жерлерди бөлдүрүп, жакындары аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү салууга киришкендери, “Манас” эл аралык аэропорттон күйүүчү майларды сатуу менен жалтыраша байышып, асмандап калышканычы? Дал ушул иштерин терең иликтөөгө алышса, кыйла кылмыш иштери чууруп чыгарын кайда катабыз? Бирок, жабылуу аяк ачылбады. Айтор, ал кезекте жакшы эле доорон сүрүштү...

Кийин Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени коррупцияга шектүү депутаттын былыктары козголгон жок. Ооз басырык кылганбы? Кызыгы, былтыр “Биримдик” партиясы менен Исхак Пирматов парламенттик шайлоого аттанганын билебиз. Тилекке каршы, төңкөрүш болуп кетип, ошол арада из жашырып кеткенин кесиптештери айтып жүрүшкөн эле. Катуу мүдүрүлүптүр. Бир жагынан “каралар”, экинчи тарабынан “кызылдар” издөөгө алышып, сыягы, көшөгө артынан “кустуруу” ишаратын кылышканы ыраспы? Миллиондор менен жанын сактап калганы жар салынабы?

Айтор, бул эргулдун ишмердиги боюнча олуттуу суроолордун түйүнү жакында чечилеби? Саясый элитада болсо Пирматов мамлекеттин казынасына эмес, кайсы бир таасирдүү күчтөргө миллиондорду которгону айтылып атат го, бул жагынан качан чекит коюлат? Бийликтегилер коррупцияга каршы күрөшүүдө калыстыктан тайып, тандалма иретинде оюн кылышса, элестете бергиле... Анан рейтингдери түшөт да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер