Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жесир абысыны менен мамилелеш болгон күйөөсүнүн кордугуна чыдабай асынып…

Жесир абысыны менен мамилелеш болгон күйөөсүнүн кордугуна чыдабай асынып…

24-ноябрь, 19:35
1 346 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кош бойлуу келин асынып каза болгон. Өлүмүнө анын күйөөсү менен абысынынын жакын мамиледе болуп жүргөнү себеп болгон. Бул тууралуу маркум келиндин агасы Бакыт Назаралиев  Kaktus.media сайтынын редакциясына кайрылган. Окуя Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгон. 

Агасынын айтымында, 2017-жылдын 17-ноябрында карындашы Салтанатты Залкар ала качып кеткен. Бир жылдан кийин кыздуу болушат. Карындашынын өз жанын кыйышына анын абысыны кайниси менен жакын мамиледе болуп келгени себеп болгонун ачыктаган.

«Менин билишимче, ошол эле жылы Залкардын бир тууган агасы өз жанын кыйган, бирок эмне себептен экени белгисиз бойдон калган. Көп өтпөй карындашымдын жашоосуна жесир калган абысыны кийлигишип, кайниси менен жакын мамиле кылып баштаган. Негизги себептердин бири ушул деп ойлойм» дейт Назаралиев.

Ошондой эле күйөөсү Салтанатка себепсиз кол көтөрүп, өз кызы башкадан дегендей да күмөн саноолору боло баштаган.

«Назиранын айынан чыр-чатактар үзгүлтүксүз болчу. Салтанат жолдошун абысыны менен чогуу жаткан жеринен кармап алган. Окуяга күбө болуп калганы үчүн аялын уруп, анын кетүүсүн талап кылган. Ошондой эле телефондогу кат жазууларда жесир абысыны кайниси 15-сентярбда аны менен төшөктөш боло турганын убада кылыпбирок аялын ээрчитип конокко кетип калганы тууралуу кат жазышууларды жолдошунун телефонунан маркум окуп калган.

Салтанат өлөр алдында вотсап аркылуу агасына кат жазып калтырган. Анда жолдошу жесир абысыны менен жакындашып, үйүндө тынчтык болбой калганын, айласыздан ушундай кадамга барып жатканын жазган. Кийин маркумдун телефонун абысынынын уулу катып койгон. Анткени анын ичинде көптөгөн маалыматтар болгон эле.

 «Мен милицияга жана прокуратурага жазган арызымда Залкар, Назира жана Ратбекти күнөөлүү деп көрсөткөм, алар далилдерди жашырууга аракет кылганы үчүн милиция Залкарга гана иш козгоп, аны бир айга камакка алган. Прокуратура өз жообунда Назираны жана анын уулун да айткан жок, бирок мен алардын да үстүнөн арыздангам» дейт иштин акыйкат каралбай жатканына күйүп атканын айтып. Ошондой эле бир топ далил материалдарды тергөөчү жоготуп койгонун да билдирип, иштип акыйкат карап берүүсүн талап кылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер