Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемияда милдетин аткара албаган Аида Исмаилова элчи катары да мүдүрүлдү

Пандемияда милдетин аткара албаган Аида Исмаилова элчи катары да мүдүрүлдү

08-сентябрь, 13:29
227 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине Аида Исмаилова кетип жатканда коомчулукта каршылыктар, олуттуу пикирлер айтылган. Себеби, бул айым Сооронбай Жээнбековдун тушунда вице-премьер-министр катары иштеп, пандемия учурундагы шалаакылыгы, өз милдетин аткара албаганы үчүн айыпталган. Мамлекет тарабынан гумжардамдар, дары-дармектер тийешелүү деңгээлде жеткирилген эмес. Андагы бийликтин “жең ичинен” жасалган коррупциялык иштери канча ирет талкууга алынды? Айтор, жек көрүү сөздөрү курчуган. Баары элдин эсинде... Тилекке каршы, жаңы бийликтин келиши менен Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болду. Сүрөткө түшүп, “мода” көрсөткөндөн башка кылыктарын көрө алган жокпуз. А баса, Аида айым Кыргызстандан эмгек мигранттары келерин жар салып, пиар жасаган. Буга бир топ мекендештерибиз даярданып, кредит, карыз алышып, а жыйынтыгында жумушка илинбей калышканы кандай? Бул маселе боюнча дыкат текшерүү жүрүп, жообу берилебиЭлчинин Кореяда иштей албасы башында эле билинген, бирок сырдуу азгырыгы менен кызматты илип кетип, аягын көрүп атасыңар. Ишпалдасы чыгууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер