Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бермет Барыктабасова: “Саламаттык сактоо министрлиги оюна келгенин кылууда”

Бермет Барыктабасова: “Саламаттык сактоо министрлиги оюна келгенин кылууда”

17-январь, 21:32
1 481 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ковидге каршы пфайзер вакциналары келгени маалымдалды. Бул вакцинанын коопсуздугу боюнча эмнелерди айта аласыз?

-- Пфайзер вакцинасынан өлүмгө дуушар болгондор катталган. Ал эмнеге байланыштуу болгону даана аныкталбаганы ырас, аны эмдөөдөн кийин ушундай болгону чын. Ага карата аллергиялык реакциялар да арбын. 

-- Бизде вакцинаны сактоочу муздаткычтар жок экени да айтылууда. Демек, аны алуунун канчалык деңгээлде кажети бар эле?

-- Ал дарыны сактоого -70 градустагы муздаткычтар керектелет. Бизде андай шарттар жок. Ушул жагын эске алсак, анда вакцина менен муздаткыч чыгаргычтар калктын эсебинен жакшы эле байып алышат экен. 

-- Эми вакцинаны кимдерге биринчи колдонуп көрүшөт, же атайын коопсуздугун аныктоочу аппараттар барбы?

-- Өлкөдө жаңы вакцинаны иликтеп, жыйынтык чыгаруучу атайын илимий-техникалык эксперттик топ бар. Бул топ өйдө жактын кысымына карабастан, коронавируска каршы эч кандай вакцинага аралашкан эмес. 

-- Анда министрлик эмне үчүн аларды алды?

-- Саламаттык сактоо министринин орун басары Усенбаев элге мындай күмөндүү нерсени биринчи эле жолу айтып жаткан жок. Анын айткандарына келсек, эпидемиология менен күрөшүүгө, каршы турууга эч кандай тийешеси жок. Ушундайлардын айынан коррупциялык, же туура эмес иш-аракеттер болуп келген.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер