2020-жылдан баштап оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга болбойт
Кыргызстанда оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуу мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу сунушталып жатат.
Оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салуу боюнча маселе 2013-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бул боюнча мыйзам долбоору 2020-жылы күчүнө кирет. Бирок депутаттар аны дагы жылдырып турууну сунуштоодо.
Оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга тыюу салган мыйзам 2013-жылы кабыл алынып, күчүнө 2016-жылдын 1-январында кирген. Анда айрым депутаттар ИИМде документтерди колдонуу механизми жок болгондуктан, муну токтотуп турууну сунуштаган. Ошентип тыюу салуу 2018-жылга чейин жылдырылган. Анда дагы парламентарийлер макул болушкан эмес. Анүстүнө жумушсуз калабыз деген таксисттер нааразычылык акциясына чыгышкан. Жыйынтыгында тыюу салуу мөөнөтү 2020-жылга жылдырылган.