Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашооңузда өзгөрүү боло турганынын 10 белгиси

Жашооңузда өзгөрүү боло турганынын 10 белгиси

21-июль, 11:36
2 773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кээде бизге жашообуз бир орунда эле жылбай тургандай сезилет. Жашооңузда жакында жакшы өзгөрүүлөр боло турганын билсе болобу? Төмөнкү белгилерге карап, өзгөрүү, “реформалар” келе жатканын билсеңиз болот экен.

1. Айланаңыз өзгөрө баштайт. Жашооңузда жаңы адамдар келет, мурдагы тааныштар менен байланышты үзүп же алар алыстап кетишет.

2. Жеке өзүңүздүн каалоолоруңуз алдыга чыгат, бул каалоолор жаныңызга жай бербей, анын аткарылышын күтөт.

3. Жашоого, болгон баардык жакшы нерселерге көп-көп шүгүр кыла баштайсыз.

4. Ички үнүңүздү, жүрөктүн каалоосун көп уга баштайсыз.

5. Жаңы нерселерге кызыгууңуз артат, жаңы хобби пайда болот.

6. Өзүңүздүн келбетиңизге, денеңизге көңүл бөлө баштайсыз.

7. Ичиңизде бул ишти аткарып кете алам, же мындай кыла алам дегендей бекем ишеним пайда болот.

8. Кайра-кайра окшош окуяларга күбө боло баштайсыз.

9. Мурда чоң трагедиядай кабыл алган жагдайларга жөн гана философиялык көз карашта карап, тынчсызданбай каласыз, жагдайларды ар түрдүү тараптан караганды, тыйындын эки тарабы бар экенин аңдап сезе баштайсыз.

10. Адамдарга таарынбай, кечиримдүү жана сабырдуу болууга көнөсүз. Эң негизгиси, болуп жаткан нерселерге башкаларды күнөөлөбөй, өзүңүздөн жооп издегенди биле баштайсыз. Жашооңузда болуп өткөн жана боло турган ар бир нересе сиз үчүн гана жакшы болгонун даана түшүнөсүз.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер