Акыркы кабарлар
» Коом » Казакстанда кайтыш болгондордун саны 227ге жетти
Казакстанда кайтыш болгондордун саны 227ге жетти
19-январь, 11:38


Казакстанда январь айындагы башаламандык учурунда жабыркап, ооруканада жаткан дагы эки киши каза болду. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Ажар Гинияттын маалыматы боюнча ушуну менен көз жумгандардын саны 227 адамга жетти. Жапырт башаламандык учурунда жараат алган 200 киши ооруканада дарыланууда, 14 бейтаптын абалы оор.
Коңшу өлкөдөгү соңку нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингден кийин башталган. Кийин саясый өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.










