Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Бейшеналиев ойноп жүрөбү? Саламаттык сактоо тармагы “сазга батты”

Министр Бейшеналиев ойноп жүрөбү? Саламаттык сактоо тармагы “сазга батты”

27-август, 08:00
442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурда жүрөк, кан тамыр ооруларынан жабыркагандар арбып кетти. Боор, бөйрөк, өпкө дартына кабылгандар андан көп. Онкологиялык жактан жабыркагандар, канты көтөрүлгөндөр, жугуштуу оорулар, айтор, санай берсең илдеттер толтура. Ал эми бийлик кандай кам көрүп атат? Мамлекеттик ооруканаларга бейтаптар батпайт, кезекке турмай көндүмгө айланган. Жеке клиникаларга байлар гана барышпаса, жалпы элдин чөнтөгү чыдабайт. Дегиңкиси, оорулар жылдан жылга жашарып кетти. Ошого катар наристе, өспүрүмдөрдүн оор илдеттерге чалдыккандары да арбын. “Каякты караба, Мамайдын көрү...” дегендей эле абалга кептелдик...

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин келгенине жакында үч жылга аяк басат (ортодон камалып да чыга калды). Башында бул киши реформа баштагандай түр жаратып, “түшпөс хандарга” айланышкан башкы врачтар менен кармашып киргенде эл алаксып, үмүт оту тутанган эле. Тилекке каршы, ийгиликтүү күрөшүнөн дайыны жок, чаржайыт абалда калганы жашыруун эмес. Саламаттык сактоо системасын ыраатка салуу, эң ириде жетишсиз болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүдөн баштаса болбойт беле? Аймактардагы ооруканалардын абалдары жакшы эмес, көпчүлүк катмар Бишкек шаарына келишет. Анан бул жактагы бейтапканаларда тыгылыш, кыйынчылык абал жаралат. Чайналган дарыгерлер сылык мамиле жасай албай “жарылып” кетишкени да ошондон го?.. Негизи борборубузга жылына экиден заманбап оорукана салынса, медициналык жабдуулар тескелсе, аппараттар, техникалар менен камсыздалса, ошондой эле эли жыш жайгашкан аймактарга да ушундай мамиле жасалса кана? Эң оболу калктын саламаттыгына мамлекет кам көрүш керек да. Министр Алымкадыр Бейшеналиев ар бир кварталда, анан бир жылда бүтүргөн иштери боюнча отчёт берип турушу керек эле. Тек, андай эмес, өз билгениндей жүрүп алды. Кааласа Ысык-Көлгө кетип калат, же Париж олимпиадасына барып, күмүш медаль тагынып сүрөткө түшөт. Кыскасы, ойноп жүрөбү? Куудулдарча сүйлөп койгонуна баарыбыз көнүп бүткөнбүз...

“Балык башынан сасыйт” дегендей экен. Өкмөт башчы маселени ачык карап, көйгөйлөрдү тезинен чечүүгө, билим берүү менен саламаттык сактоо тармагын оңдоого батыл киришсе болбойт беле? Тилекке каршы, улам спорт зал ачышып, гира көтөрүшүп, же топ тебишип, жеңил пиар менен алектенип жүрүшөт. Өнүгүү боюнча ооз көбүртө сүйлөшсө, башка мамлекетте жашап жаткандай ойлоп кетесиң чиркиндики! А реалдуу турмушта көпчүлүк калкыбыз кыйналып, зар какшап жатышканы менен иштери жок. Айласыздан оорудан, начар турмуштан, күнүмдүк көртирликтен эзилип, чыдап жатышат да. Ооба, каратаман элибиз кыйналып кетти...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер