Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова: “Форма 2” – добуш сатып алуунун аракети”

Атыр Абдрахматова: “Форма 2” – добуш сатып алуунун аракети”

01-октябрь, 23:41
700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлоо болор күнгө саналуу күндөр калды. Элде түрдүү суроолор жаралууда: мурда биометрикадан өткөндөр шайлоого катыша береби, же жаңыдан өтүшү керек беле? 

-- Биометрика бир гана ирет тапшырылат. Мурда тапшыргандар сөзсүз түрдө шайлоого катыша алышат.

-- “Форма 2” менен убагында өтпөй, бирок каттоосу алыскы аймакта болгондор шайлоого кандай катышат?

-- “Форма 2” ушундай акыбал үчүн чыгарылган. Анын мөөнөтү 19-сентябрда аяктады. Тапшыра албагандар өз каттоосу турган жерге барып гана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

-- Бюллетендер жетиштүүбү? Баары ойдогудайбы?

-- Техникалык жактан баары даяр. Бюллетендерди даярдап алып бардык. Алардын саны бир аз азыраак, бирок шайлоочулар 100% эмес, 70-80% гана келишет. Ошондуктан бюллетень жетишет го... 

-- Ошол күнү дене табы жогору болгон адамдарга кандай шарттар түзүлгөн?

-- Мен жай айларында эле талап койгом, “шайлоо участкасына дене табы жогору болгон адамдар келип калса, өзүнчө чатыр тигип катыштырсак” деген сунуш таштагам. Тилекке каршы, ал талап аткарылган жок. Бирок, дене табы жогору болгон адамдар дагы шайлоого катышууга укуктуу. Киргизбей коюуга эч кимдин укугу жок.

-- “Форма 2” күмөн жаратууда, мыйзамдуулугу тууралуу талаш кептер жүрүүдө. БШКнын мүчөсү катары кандай пикирдесиң?

-- БШК ачык маалыматын жарыялады. 500 миңдей адам “форма 2” менен участкадан участкага которулган. “Канчалык мыйзамдуу болгонун укук коргоо органдары менен биргеликте текшерели” деген демилге көтөрсөм, кесиптештерим макул болгон жок. Бирок, мен БШКнын өкүлү болсом деле “шайлоо процессинин бурмаланышы мүмкүн” деген пикирим бар. “Форма 2” боюнча катталгандардын көп болушу – административдик ресурстар менен добуш сатып алуу аракетинин көрүнүшү.

-- “Шайлоо участогуна өз ручкаңар менен баргыла. Белгилеген галочка өчүрүлүшү мүмкүн” деген дагы божомолдор көбөйдү...

-- 2017-жылы президенттик шайлоодо да, быйылкы төрт күндөн кийин өтө турган парламенттик шайлоодо да “борбордук шайлоо комиссиясы атайын сатып алып, участкаларга таркаткан сыя жылуулук берсе өчүп калат” деген ар кандай видеолор интернетте, мессенжерлерде, соцтармактарда таркатылууда. Мен бул "имиштерди" текшерип, тастыктоо же төгүндөө үчүн атайын Нарын облусу боюнча “форма 2” менен көп арыз тапшырылган участкалардын арасынан үч шайлоо участкасын туш келди тандоо менен эксперимент өткөрдүм. Бишкек шаарындагы участканы болсо, 29-сентябрда ошол эле негизде тандап, биринчи эле  жолуктурган участкага барып текшердим. Бюллетендеги боршайком атайын сатып алган калем сап менен койгон белгини (жылуулук менен) өчүргөнгө аракет кылдым. Бирок, өчүрө албадым. Шайлоочулар бул жагынан кооптонбой деле койсо болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер