Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Салтанат Сейитова: “Борборума келген канаттуубу, жырткыч болобу, мен үчүн баары сүйкүмдүү”

Салтанат Сейитова: “Борборума келген канаттуубу, жырткыч болобу, мен үчүн баары сүйкүмдүү”

29-май, 14:26
1 410 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Салтанат Сейитова карындашым жапайы жаныбарларды калыбына келтирүү “Бугу эне” коомдук фонддун төрайымы. Көп жылдардан бери жаныбарлар дүйнөсүндө сүңгүп келет. Реабилитациялык фонду бир чети зоопаркка, бир чети жаратылыштын жаныбарлардын аялуу бурчуна окшош.

-- Салтанат айым, “Бугу эне” коомдук фонд кандайча түзүлгөн?

-- Фонд 2013-жылы түзүлгөн болчу. Өзүм түптөп, ишмердигин улантып келем. Буга чейин жапайы жаныбарларды коргоо боюнча Каракол шаарынын зоопаркында иштечүмүн. 2010-жылы зоопарк өз ишмердигин уланта албаганга байланыштуу бул ишти алып кетүүгө туура келди. 

-- Учурда жапайы жаныбарлардан калыбына келтирүүдө кайсы айбанаттар бар жана алар сиздин колго кантип келип калган?

-- Ушу кезде фондго караштуу эки жүздөй жапайы жаныбарлардын кырктай түрү бар. Алардын көптөрү жаратылышка коё берилбейт. Анткени алар кичинекей чагынан менин колума түшөт. Жапайы жаныбарлардын чоңдору экотехинспекция тарабынан конфискацияланып, ал жактан мага келет. Ал эми канаттуулардын басымдуусун мындай эле адамдар менин фондум бар экенин угуп, колума тапшырышат. Бизден дарыланып, калыбына келгенден кийин табигат койнуна аралашып учуп кетишет. Бу жерде жырткычтарды жана жаратылышка көнбөгөн жаныбарларды коё бергенге болбойт. Себеби, булар ата-энеси менен кичинекейинен бирге тамактанышып жана аңчылыкка биргеликте үйрөнүп торолот. Өз алдынча жаратылышта жашап кеткенге шарттайт. Андайды биз үйрөтө албайбыз.  

-- Калыбына келтирүүдө кандай иш-чаралар колдонулат жана кимдер сизге жардамга келет?

-- Ар бир жаныбардын өзүнүн жолу бар. Бирөөнө ок тийет, дагы бирөө кылтакка илинип калып жарадар болот. Аларды атайын ветеринар адистердин жардамы менен дарылап, айыктырганга аракет кылабыз. Ар кандай компаниялар жардамга келишет. Баары эле ойдогудай боло бербейт. Каражат тартыш болгон учурлар көп кездешет. Өзүңүздөр билгендей, жырткыч жаныбарлар көбүнчөсү жаңы союлган малдын эти менен тамактанат. Кээде өзүбүз жебесек да ушуларга беребиз.

-- “Каражат тартыш” деп кеттиңиз, бу жагын кандай шартта чечесиз?

-- Эң ириде соцтармактар аркылуу жардам сурап кайрылабыз. Колунда барларга кат жазып, жөнжайды түшүндүрөбүз. Кээде байлардын эшигин каккылайбыз. Эми ар кандай, чындап келсе убакыттын көбү каражат издөө менен кетип калат.

-- Реабилитация борборуңузга башкача жаныбарлардан кайсынысы болгон, каяктан келген?

-- Былтыр бытыра менен ок жеп, катуу жаракат алган илбирс бар эле. Эки көзү көрбөй калган. Бир жыл дарылоодон кийин өзүнө келди. Анткен менен жаратылышта өз алдынча жашап кете албайт. Стресс менен депрессиясы кеткен. Азыр кишиден көп коркпой калды. Бир ай мурун биздин эле жараныбыз эки турнаны апкелген. Талаадан таап алыптыр. Учканга дармандары жок экен. Күчтөп тамак берип, канаттарын айыктырып койдук. Жакынкы күндөрү жаратылышка коё бергенге жарап калат. Кыргызстандын  булуң-бурчтарынан каякта турналар көп экенин издеп атабыз. Тапсак эле турналар биз менен кош айтышат. Мындан сырткары, биздин чөйрөдө жок пеликан деген балык менен тамактануучу эки куш бар. Ошол эле экотехинспекция конфискациялаган. Мындан 12 жыл мурун эки сүлөсүн бар эле. Азыр алардын балдары чоңоюп атат. Өзүм упчу берип баккам. 

-- Ушу сизге келген жаныбары болобу, канаттуусу болобу, жүрөгүңүзгө жакыны болдубу?

-- Борборума келген канаттуу болобу, жырткыч болобу, баласы, балапаны болсун, мен үчүн баары сүйкүмдүү. Аларды өз колум менен багып, жандандырып, тамак берип, кээ бири менен ойноп, сүйлөшүп, кадимкидей рахат алам. Ар бири жүрөгүмө жакын. Өзгөчө канаттууларды жаратылышка коё берип атканда көзүмөн жаш чыкпай койбойт, көпкө чейин коштошо албай, бир башкача абалда калам. Аны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бизден жаратылышка бошотулган кээ бир жаныбарлар кээде кадимкидей түшүмө кирет. Чочуп ойгонуп, “кайра келип алдыбы?” деп тура калган күндөр болот...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер