Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажырашсак да жашоом тынчыбады? Артымдан кубалап жүрөт...

Ажырашсак да жашоом тынчыбады? Артымдан кубалап жүрөт...

17-сентябрь, 20:00
1 297 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен шаардагы “Глобус” маркеттеринин биринде иштейм. Эл катары эле жөнөкөй жашап жүргөн адаммын, бирок акыркы учурларда “эмне кылсам?” деген ойдо болуп, жообун такыр табалбай жатам, кеңеш бериңиздерчи? 

Жолдошум менен бир жылдан бери ажырашып, эжемдикинде жашайм. Ошондон бери мурдагы күйөөмдөн кутула албай келем. Келип, “сени сүйөм, менде эми күн жок, сенсиз өлөм” деп коркутат, алдайт, анан үйгө алып кетет. Квартирада турабыз, балалуу боло элекпиз. Анан кайра эле урушуп-талашып, сабашып, ызы-чуу чыгарып кирет, мен кетип калам. Милицияга дагы арыз берип көрдүм, алар “өзүңүздөр чечишип алгыла” деп коюшту. Ошону менен кайра бир-эки жума жоголуп кетип, анан келип эле чыр салып, мени кызгана берет. Эжемдин кошуналарына да уят кылып бүттү. Же ажырашкан аял эмес, же ажырашпаган аял эмес, ортодо калдым. Жаман мүнөзүн кантип токтотом? Кантип мамилени оңдосом болот, же биротоло ажырашсамбы? Кандай айла табарымды билбей башым маң. 


Нурайым 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер