Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тереза эненин акыл берметтери...

Тереза эненин акыл берметтери...

22-ноябрь, 19:02
347 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдөгү эң мээримдүү Тереза эне 1910-жылы албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Он сегиз жашынан баштап кечилдик жашоону тандап алат. Калькутта шаарында 20 жыл бою ыйык Мария айымдардын мектебинде сабак берген. 1948-жылы Тереза эне Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. 1965-жылдан баштап 20 чактыдай оорукана куруп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет. Азыркы учурда дүйнөнүн 111 өлкөлөрүндө 400гө жакын бөлүмү жана 120 өлкөдө 700 кайрымдуулук үйлөрү бар. Тереза энеге 1979-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Жүрөгүнө ааламга жетерлик сүйүүнү батырган улуу эне 87 жашка чыгып көз жумган. Азыр биз Тереза эненин миллиондогон адамдардын жүрөгүнө орногон акыл берметтерине саресеп салып көрөлү:

· Баардык кылган ишиңерди сүйүү менен жасагыла же такыр баш тарткыла.

· Эгер силер адамдарды күнөөлөп баштасаңар, анда аларды сүйгөнгө убактыңар калбай калат.

· Сиз бүт дүйнөдөгү тынчтыкты сакташ үчүн эмне кылууңуз керек? Үйгө барыңыз дагы, үй-бүлөңүздү сүйүңүз.

· Узактагыларды сүйүү жеңил, ал эми жаныңардагыларды сүйүү кыйын.

· Сөзсүз эле чоң иштерди жасоонун кереги жок. Биз кичине иштерди дагы улуу сүйүү менен жасашыбыз керек.

· Дартка даба болчу эң маанилүү дары – бул назик сүйүү жана кам көрүү.

· Үй-бүлө күтүш үчүн сүйүү жетет. Ал эми аны сактоо үчүн чыдамкайлуулукка жана кечиримдүүлүккө үйрөнүшүбүз керек.

· Жаныңа келген баардык адамдар өзүн жакшы жана бактылуу сезип кетсин.

· Өзүңдөн канчалык акылдуулукту, сулуулукту жана боорукерликти ача алсаң, айланадан дагы ошолорду көрө баштайсың.

· Кудай бизге сыноолорду жеңиш үчүн жиберет. Андан кайрат, күч алып, чыңалышыбыз керек.

· Сүйүүнүн нурун баардык жерде чачыңыз. Кайда гана болбоңуз, эң биринчиден үйүңүз сүйүүгө бөлөнүп турсун.

· Сүйүү деген ар учурда жетиле турган мөмө. Ага баардыгынын колу жете алат.

· Эң оор жокчулук – жүрөктөгү жокчулук.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер