Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов шайлоодо кимди колдойт? “Каттани” аттанып атса...

Бектур Асанов шайлоодо кимди колдойт? “Каттани” аттанып атса...

23-сентябрь, 18:44
66 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Саясатчы Бектур Асановдун жайына келсек, президенттик шайлоо жакындаган сайын тынчы кетип, бийликке каршы талапкер таппай, бушайман жей баштаганын айтышты. Тигиниси, мунусу да коркуп атса, аймактардан бычакка саптуусу чыкпаса, анан кантет? 

     Ал эми саясый элитада Өмүрбек Суваналиевдин президенттик шайлоого чыга турганы талкуу жаратып, колдоого алынып аткан чак. Эл ичинде да дуулдап, жылуу маанайда сөз болууда. Оомат оогону калдыбы?

     Мындай шартта Бектур Асанов артындагы тобу менен Өмүрбек Суваналиевди колдоого аргасыз болобу? Себеби оппозициядан көзгө басар башка эч ким чыкпаса, жалгыз “Комиссар Каттани” аттанып атса, бийликке оппонент боло турган лидер бар экен да, туурабы? 

     Эмесе, Бектур мырза жети өлчөп туруп, генерал Суваналиевди сүрөп чыгабы? Байкап туралы...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер