Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Машина базардан “майкандаган”, жолду бууган МАИчилерди тескебесе эл нааразы

Машина базардан “майкандаган”, жолду бууган МАИчилерди тескебесе эл нааразы

18-ноябрь, 19:30
651 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокулук районунун милицияларына, МАИчилерине ишемби, жекшемби күнү майрам. Иши бары, жогу да өздөрүнүн түздөн-түз  милдетин таштап коюшуп, Военно-Антоновкадагы машина базарында жүрүшөт, кудум эле балга үймөлөктөгөн аарылардай болушуп. Сыягы, булар Бишкек–Кара-Балта трассасынын жээгин стоянка кылып алышканбы? Бери дегенде жолдун эки жагынан үч чакырымдай жерин машине базарга айландырышып, миңден ашык жеңил автоунааларды жайгаштырып коюшкан. Ишемби, жекшемби күндөрү машине базардын кесепетинен тыгындын куйругу эки-үч чакырымга узарып кетет. Сокулуктун МАИчилери катуу иштеп жаткандай түр көрсөтүшүп, ышкырыгын созолонтуп, ала таягын көтөрүмүш болгону менен эч нерсе чечилбейт, тыгында акыйып турганың турган. Жээкти ээлеп алган сатармандар “биз акчасын төлөгөнбүз” дегенсип токпейил басышат. Ал эми МАИчилер да коркок-билиши бар немедей аларга ооз ача алышпайт, эки ортодо Бишкек–Кара-Балта, Кара-Балта–Бишкек багытындагы жүргүнчүлөр кыйналышып, жол азабын тартып жатышат. Базарга машине батпаса, башка айласын табуу зарыл да. Эмне үчүн трассанын жээги машине базарга айланышы керек? Же машине базар Сокулуктун милицияларына жем жеген акыры катары сыпатталабы? Жүргүнчүлөрдүн укугун тебелеп-тепсей беришеби? Эмне үчүн жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги тескөөгө албайт? Иштей албай атса кызматын тапшырып кетсин! Элди кыйнабай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер