Сыргак Айткурманов кабинетинде арак ичип кармалса да баары бирби?
ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Сыргак Айткурманов кабинетинде арак ичип отурган жеринен ички иликтөө кызматынын жасоолдоруна кармалып, бирок жоопкерчиликке тартылбай кутулуп кеткени кандай? Бул боюнча өздүк курамдын ичинде дуулдап сөз болууда. Эгерде катардагы милиция жумуш убактысында ичкилик ичип кармалса, чоң көйгөй жаралып, ишинен токтоосуз түрдө айдалмак. Ал эми Сыргак Айткурманов “крышасына” таянып, жогору жактан телефон чалуунун күчү менен “кабагым-кашым” дебей жазадан кутулуп кеттиби? ИИМдин ички иликтөө кызматынын начальниги Конок Өскөнбаев бул боюнча эмнеге үн катпайт? Алдуунун астында бүжүрөп, алсызды баса калган өнөрү өркүндөй береби? Алдыда али көп суроолор бар.
Сыягы, уюшуп ичкичтер системаны “шарашкина контора” кылып бүтүшөбү? Качанкыга чейин? ИИМ орун басары, тергөөнүн куратору Аширходжаев тартипке чакырбай эшек такалап отурабы? Эрксизден баш чайкайсың.
“Азия Ньюс” гезити
P.S. Маалымат “Азия Ньюс” гезитине чыкканда техникалык ката менен Сыргак Айткурмановдун сүрөтүнүн ордуна Алишер Абыловдуку жайгашып калган. Бул үчүн автор кечирим сурайт. (Google сүрөттөрдү чаташтырганын эскертмекчибиз.)