Биздин Байдылда агай
(Адабиятчы-окумуштуу, маркум Байдылда Маленовдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө)
ХХ кылымдын II жарымынан тартып мурдагы көп улуттуу совет адабиятынын өз алдына койгон максат-мүдөөлөрү 30-40-жылдарга салыштырмалуу түп тамыры менен өзгөрүп, өзүнчө жаңы багыт, жаңыча көркөм-эстетикалык ой жүгүртүү нугуна түшө баштаган мезгил болгон. Албетте, мындай кескин өзгөрүү процессинин башталышы мурдагы СССР элдер адабияты үчүн жок жерден эле жаралып, өзүнөн өзү эле боло калган көрүнүш эмес эле. Улуу Ата мекендик согуштун жеңиш менен аякташы калың массага зор кубаныч тартуулоого катар мурдагыдай эле тынчтык күндөрдөгү эмгектик күжүрмөндүүлүктү жана эл чарбасынын баардык тармактарында алдыга умтулуу менен жаңыча ойлонуп, жаңыча жашоону талап кылды. Бул процесс өзгөчө мурдагы СССРдин аймагында жеке адамга сыйынуу саясатынын зыяндуу натыйжаларынын бети ачылып, коомдук-саясый чөйрөдөгү бир беткейлик, адилетсиздиктин бет пардасы сыйрылгандан кийин активдүү маанайга ээ боло баштады. 1946-жылдан баштап советтик адабият менен көркөм өнөр тармагында көптөгөн иш-аракеттер жүрүп, алар анын идеологиялык жактан болгон тазалыгына өзгөчө көңүл бурушту. Ал мезгилдеги мындай чоң саясый-идеологиялык процесс ошол мезгилдеги адабият менен көркөм өнөрдүн жаңыланып, өзүнчө багытка түшүүсү үчүн бир чети зарылдык, экинчиден ыңгайлуу өбөлгө болуп берди.
Согуштан кийинки жылдардагы түзүлгөн мындай кырдаал кыргыз адабияты жана илим чөйрөсү үчүн да атайын камылга көрүп, бир катар милдеттүү иштерди орундатууну күн тартибине койду. Эл чарбасын өнүктүрүүдө эң башкы таяныч жарактуу кадрларга түздөн-түз байланыштуу экенин 1945-46-жылдан тарта ошол мезгилдеги И.Р.Раззаков башында турган Кыргыз өкмөтү жакшы түшүнгөн. Демек, Кыргызстанда кадр даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп, ошол мезгилдеги М.В.Фрунзе атындагы педагогикалык институт менен КырФАНда эмгектенип жатышкан жергиликтүү илимий кадрларга чоң жоопкерчилик жүктөлүү менен катар өз адистиги боюнча ыкчам даярдыктан өтүп, иштин жыйынтыгына жетишүү талаптары курч коюлган. Кыргыз ССР Министрлер Совети 1946-жылы 18-июнда “Республикада илимий кадрларды даярдоо иштерин жакшыртуу жөнүндө” деген №534 токтомун кабыл алып, анда буга чейин орун алып келген айрым кемчилдиктер менен катар илимий иштин үстүндө эмгектенип жатышкан жаш илимпоздорго жакындан жардам көрсөтүү, ыңгайлуу шарт түзүү жагы айтылган болчу. Ошондой мамиледен улам жана ансыз да согуш каары катуу тарбия берген кыргыз адамдарынын арасынан илимий кадрлардын өсүп чыгышы студенттик аудиториядан башат алып, кийин 1944-жылы КырФАНдын алдында алгачкы аспирантура бөлүмү ачылып, ошондо алгачкы жергиликтүү илимий кадрлардын өсүп чыгышына биринчи кадамдар жасала баштаган. Алар улуттук филологиянын алгачкы аспиранттары: И.Жакыпов, М.Мураталиев, Г.Элебаева, К.Нанаев, Б.Yмөталиева, Ж.Самаганов, П.И.Балтин, И.Сарманова, Л.Зарипова, Б.Даяновалар билим алышып, булардын көбү кийин илимий даражаларга ээ болушкан.
Кыргыз адабият таануу илиминин калыптануу мезгили 1950-60-жылдарына туура келет. Бул мезгилде жергиликтүү филолог-окумуштуулардын экинчи мууну пайда болуп, булар Москва, Ленинград сыяктуу чоң шаарлардан билим алып, адистик даярдыгын арттырышкан. Алардын катарында К.Асаналиев, Б.Керимжанова, К.Укаев, М.Борбугулов, Ш.Yмөталиев, К.Рысалиев, З.Ч.Мамытбеков, Ж.Субанбеков, Б.Маленов ж.б. бар. Мына ушул адабиятчы агайлардын илим чөйрөсүнө келиши менен улуттук адабият таануусу жана адабий сыны профессионалдык жактан сапаттык деңгээли артып, кыргыз калемгерлери тарабынан жаралган көркөм чыгармалардын адабий процесстеги орду, алып келген жаңычылдыгы, көтөргөн көйгөйлүү маселелери өзүнчө өңүттөн каралып, талдоого алынган деңгээлге чыгышына ушул муун өкүлдөрүнүн ролу чоң болгон. Кыргыз адабиятында аны дүңүнөн талдап, үстүрт баа берген мезгил аяктап, чыгарманы турмуш чындыгы менен карап, ошол чен-өлчөмдө баалоо доору ушул муун калемгерлери менен адабиятчы-окумуштууларынын үлүшүнө туура келген. Ошондой улуу муун өкүлдөрүнүн ичинде биз бүгүн сөзгө алып олтурган белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент, маркум Байдылда Маленов да бар болчу.
Агайдын өмүр баянына кыскача токтолсок, Байдылда Маленов 1928-жылы азыркы Чүй районуна караштуу Он бир жылга айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Балпыков Мален өмүр бою жерге адал терин төгүп, дыйканчылык менен күн кечирген мээнеткеч адам болгон. 1930-жылдан 1973-жылга чейин өзү жашаган Он бир жылга айылындагы “Прогресс” колхозунун мүчөсү болуп эмгектенген. Ал эми уулу Байдылда Маленов алгачкы башталгыч билимди 1935-1939-жылдары коңшулаш Маданият айылындагы мектептен алган. Кийин 1939-жылдан 1944-жылга чейин өздөрүнүн Он бир жылга айылындагы орто мектептен билим алып, 9-классты аяктаган. Ошол эле жылы аталган мектепте 10-класс ачылып, Б.Маленов окууну анда улантып, 1945-жылы толук орто билимге ээ болуп чыгат. Байдылда агай өзүнүн окууга болгон ышкысын андан ары улантууну ойлоп, ошол убактагы бирден бир жогорку окуу жайы болуп эсептелген борбор шаарыбыздагы М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият (литфак) факультетине тапшырып, аны 1949-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, “кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистигине ээ болгон. Жогорку билим алып, өзүн коёрго жер таппай турган ал кездеги жаштардын ички энергиясы, эл-жерге болгон атуулдук бийик сезими чоң-чоң максаттарга үндөп, коомдогу жаңы башталыштардын демилгечиси катары өздөрүн көпчүлүккө көрсөтө алышкан. Ал кездеги советтик коом жаштардан ошондой жаңы идеяларга сугарылган эмгектик көрсөткүчтөрдү талап кылуу менен бирге эл чарбасынын баардык тармагында жигердүү арекеттердин натыйжаларын күтүп келген. Ал мезгилдин жаштары ошол элдик ишеничтерди кайсы бир деңгээлде орундаткан. Б.Маленов өз эмгек жолун 1949-жылы Ош шаарындагы мугалимдер институтунун кыргыз жана орус адабияты кафедрасынын башчысы болуп иштөөдөн баштаган. Бул кызмат орунда Б.Маленов 1950-жылдын март айына чейин иштеп, андан ары карай Кыргыз илимдер академиясынын тил, адабият жана тарых илим изилдөө институтунда (согуш жылдары бул аталган илимий изилдөө институттары биригип, жогоркудай аталышта өз ишмердигин уланткан бир илимий мекеме катары иштеп турган – Б.Б.) кенже илимий кызматкер катары 1952-жылдын ноябрь айына чейин эмгектенет. Согуштан кийинки жылдары билим берүү жана илим тармагы боюнча республикабыздагы түзүлгөн кырдаал жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин кабыл алган кечиктирилгис чечимдеринин негизинде илимий кадрларды даярдоо маселеси курч коюлуп, согуш убагында СССРдин ар кайсы аймактарынан эвакуацияланып келген көрүнүктүү илимпоз-окумуштуулар өз келген жагына кайтып кеткен соң, бизде керектүү адистердин саны кескин кыскарып, эл чарбасы үчүн көйгөй жаралуу коркунучу турган. Мына ушундай абалдан чыгуу максатты көздөп биздин республиканын жетекчилиги чечкиндүү кадамдарга барууга аргасыз эле. Жогоруда сөз болгондой, жаштарды СССРдин чоң-чоң шаарларынан окутуу, адистик даярдыгын арттыруу максатында атайын иш-аракеттер жүрө баштайт. И.Р.Раззаков башында турган Кыргызстандын жетекчилиги бул мезгил аралыгында көп пайдалуу иштерди жасоого жетишкен. Натыйжада, жогорудагыдай жагдайлардан улам кыргыздын эми жаңыдан өсүп келаткан жаш илимий кадрларына оңтойлуу шарттар, ыңгайлуу өбөлгөлөр түзүлгөн. Ошол келечектүү кадрлардын катарын өз учурунда Б.Маленов да толуктап, 1952-жылдын ноябрь айынан 1956-жылдын ноябрь айына чейин ал СССР Илимдер академиясына караштуу М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунда ачылган аспирантурадан билим алат. Бул мезгил аралыгында аспирант Б.Маленов кыргыздын белгилүү калемгери М.Элебаевдин чыгармачылыгы боюнча өзүнүн илимий изилдөөсүн жазып баштайт. Атайын илимий даярдыктан өткөн соң Б.Маленов 1956-жылдын декабрь айынан кайра эле Кыргыз илимдер академиясынын адабият институтуна (совет адабияты секторунда) келип, кенже илимий кызматкер болуп өз ишмердигин уланткан. Өзүнүн илимий изилдөө ишинин жыйынтыгы катары Б.Маленов 1958-жылы 20-мартта жогоруда аталып өткөндөй М.Элебаевдин чыгармачылыгы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Ошол эле жылы 5-ноябрда анын аталган кандидаттык диссертациясы СССР Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан мыйзамдуу түрдө бекитилет. Ошол 1958-жылдан 1960-жылдын август айына чейин ал Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда ага илимий кызматкер болуп иштейт. Андан ары карай Б.Маленовдун өмүр жолу 1960-жылдын 19-августунан баштап андагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун – Б.Б.) тарыхы менен байланыштуу өнүгүп, натыйжада, анын кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы катары 1976-жылдын 15-майына чейин он алты жыл бою үзгүлтүксүз эмгектенет. Аталган кафедранын башчысы Б.Маленовду ага окутуучулук вакансиялык орундан доценттик орунга которуу жөнүндө КМУнун ректорунун ошол мезгилдеги милдетин аткаруучусу Б.Лунин өзүнүн №730 буйругуна 1962-жылы 18-сентябрда кол койгон. Ал аталган кафедраны башкарган мезгилде кыргыз адабият таануу жана сыны боюнча кесипкөй кадрлардын саны бир топ эле аз болчу. Анын башкы себеби, жогоруда айтылып өткөндөй кандуу согуштун таасири болсо, экинчиден, согушка чейинки жана андан кийинки жалпы абал ошондой оор кырдаалга туш болгон. Анткени, чыныгы кесипкөй адистерди даярдоого биздин өзүбүздө ал убакта мүмкүнчүлүк ченелүү эле. Өзгөчө согуштан кийинки он жыл мурдагыдай эле оор мезгил өттү. Өлкө боюнча экономикалык жана элдин жашоо-турмуш деңгээли али кыйла төмөн болчу. Мындай объективдүү жагдай ал кездеги КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын илимий-педагогикалык потенциалынан да байкалбай койбойт эле. Алгач 1950-55-жылдар аралыгында бул кафедрада илимдин кандидаты катары саналуу гана адамдар (К.Асаналиев, Б.Керимжанова, К.Иманалиев, Ш.Yмөталиев) эмгектенген болсо, илимдин докторлорунан али кабар дээрлик жок болчу. 1960-жылдардан кийин илимдин кандидаттарынын жалпы саны эки эсеге өскөн. Алар кыргыз адабият таануусу менен сынынын оор жүгүн аркалаган белсемдүү адистер (С.Жигитов, К.Бобулов, Х.Бапаев, Т.Чотбаева, З.Мамытбеков, К.Артыкбаев) болуп чыгышкан. Ал эми 1965-жылы кыргыз адабият таануусу боюнча тунгуч илимдин доктору профессор Кулан Рысалиев (Темасы: “Кыргыз ыр түзүлүшү”) болсо, арадан аз эле убакыт өткөн соң кыргыз профессионал драматургиясынын пайда болушу жана калыптанышы боюнча филология илимдеринин доктору даражасына профессор Мухтар Борбугулов ээ болгон. Ал эми 1970-жылдын башында кыргыз элинин баатырдык эпостору боюнча илимдин доктору даражасы профессор Жүрсүн Субанбековго ыйгарылган. Буларды санап көрсөтүп жатканыбыздын себеби, ошол мезгил ичиндеги сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү салыштыра талдап билүү үчүн, экинчиден, мындан ал мезгилдеги жетекчинин он алты жылдык астейдил аракети, ак ниет ишмердиги кашкайып көрүнүп турат. Айрым агайларыбыз бул кызмат орунда отуз беш жылдан кем эмес отурса да, мезгили боюнча салыштырмалуу алып караганда, мындай сапаттык көрсөткүч болгон эмес. Бул кафедра башчылык кызмат орундан кеткенден кийин, т.а, 1977-жылдан 1987-жылга чейин Байдылда Маленов мурда өзү жетектеп келген кыргыз адабияты кафедрасында доцент катары илимий-педагогикалык ишмердигин ырааттуу түрдө уланта берген. Б.Маленов 1986-жылы 11-июлда КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окумуштуулар кеңешинин №12 токтомунун негизинде кыргыз адабияты кафедрасынын доценти болуп акыркы жолу кайра шайланган.
Агай биздин группаны 1987-жылы май айында фольклордук практикага Талас өрөөнүнө алып барды. Ошол он күндүк иш сапарыбызда мен агай менен баарлашып, жакыныраак сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Агай ачык мүнөз, адамдын көңүлүн оорутпаган ак ниет, тажыйрбалуу педагог экенин ошондо дагы бир жолу билдим. Биз ошол он күндүн аралыгында жалпы эле кыргыз фольклору, жанрдык өзгөчөлүктөрү жөнүндө профессорлор С.Закиров, К.Байжигитов агайлар менен биргеликте талкуулап, ой-пикир алышкан учурлар эсте калды. Айрыкча биздин кафедрага таандык болуп келаткан “Жаш толкундар” адабий ийриминин баскан жолу, өзү кафедраны жетектеп жүргөн убактагы урунттуу учурлары жөнүндө кызыктуу баян куруп бергени эсимде. Алардын айрымдарын атай кетсем, 1960-жылдары бул ийрим “Турмуш толкундары” деп аталуу менен бирге ушундай эле аталыштагы дубал гезити да чыгып турганын айтчу жана 1962-жылы ийримдин 52 туруктуу мүчөсү болгон экен. Бул ийрим 1962-жылы 6-январда “поэзия күнүн” өткөрүп, анда “1961-жылдын поэзиясы” деген темада доцент Б.Маленов баяндама жасайт. Ийримдин бул күнкү иш-чарасына конок катары чакырылган эл акындары К.Маликов менен С.Эралиевдер өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтып сүйлөшөт. Ошол эле 1962-жылы 19-январда “Чалкан” журналынын 1961-жылы жарык көргөн баардык санына талкуу уюштурулат. Бул талкууга ийримдин мүчөлөрү активдүү маанайда катышып, бул сатиралык журналдын беттеринде орун алып жаткан терс көрүнүштөрдүн бетин ачууда айрым сатирик калемгерлердин жазган чыгармалары жөнүндө кызыктуу талкуу жүрүп, урунттуу суроолорго тийиштүү жооптор алынгандыгын белгилеген эле. Ошол эле жылы 21-январда жаш жазуучу Ч.Айтматов менен ийримдин мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтүп, анда “Ч.Айтматовдун чыгармачылык жолу” деген тема менен аспирант-заочник Б.Ашымбаев чыгып сүйлөгөн. Болочоктогу улуу жазуучунун алгачкы чыгармачылык кадамдары жөнүндө ошондо да алгылыктуу ой-пикирлер айтылганын агай канааттануу менен эскерген эле. Аягында автор Ч.Айтматов чыгып сүйлөп, ийримдин мүчөлөрүнүн адабий-чыгармачылык даярдыгы кубантканын айтып, аларга адабий-чыгармачылык ийгиликтерди каалаган. 1962-жылы 9-мартта М.Жангазиевдин “Жети жылдыктын жетишкендиктери” повести жөнүндө, Э.Жакыпбековдун “Спутник” ырлар жыйнагы жөнүндө, Б.Карагуловдун “Чыйырчык” жыйнактары жөнүндө талкуу болгон экен. Баяндама менен ийрим мүчөлөру жана авторлор өздөрү чыгып сүйлөшкөн. 1960-1970-жылдары бул адабий ийримге окумуштуулар С.Жигитов жана К.Артыкбаевдер жетекчилик кылып келгенин айтчу. Доцент Б.Маленов кафедраны жетектеп турган мезгилинде тажрыйба алмашып, окуу процессин жакшыртуу максатында жыйырма күндүк иш сапары менен 1964-жылы июль айында Австрияда, 1968-жылы октябрь айында Монголияда СССР–МЭР достук коомунун делегациясынын курамында болгон. Ал 1963-1967-жылдары Фрунзе шаарынын Ленин райондук кеңешине депутат болуп шайланган. Ал Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы, эл агартуунун жана СССР жогорку окуу жайларынын мыктысы төш белгилери, В.И.Лениндин юбилейлик медалы, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалдары менен сыйланган. Ал КМУнун ректоратынын бир нече жолку алкыштарына татыктуу болгон. Доцент Б.Маленов 1987-жылы 23-майда узакка созулган өнөкөт оорудан улам Фрунзе шаарында бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.