Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутаттарды калчаган, Канат Керезбековго окшогон канча ректор бар?

Депутаттарды калчаган, Канат Керезбековго окшогон канча ректор бар?

16-июнь, 20:04
324 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдо болуп жаткан талаптарга ылайык, “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында билим берүү жана илим министрлиги мыйзам долбоорун сунуш кылса, Жогорку Кеңеш бир жылдан бери өткөрбөй кармап жатат. Демейде түшүнүп-түшүнбөгөн мыйзамдарды канын жерге тамызбай кабыл алып жаткан депутаттар бул мыйзам долбоорун эмнеге өткөрбөй создуктурууда? Изилдеп көрдүк. Көрсө, бул мыйзам долбоорунда “университет ректорлору президент тарабынан дайындалат жана иштен алынат” деген жобо бар экен. Кер жыландын кепшегенин, сур жыландын суусаганын билген ректорлор, алардын ичинде кааласа депутат, каалаган учурда ректор болуп шайланып, окуу жайын өз менчигиндей пайдаланган Канат Керезбековго окшогон КМЮАны башкарган “карышкыр” да бар. Ошол 15-20 жылдан бери отурган эски ректорлор жылуу креслолорунан айрылып калууну каалабай, “моссоветтеги” сулуулардай эле сатылган депутаттардын кулкунун толтуруп, жаңы мыйзам долбоорун өткөрбөй жатышабы? Булар минтип өз билгендерин жасап, депутаттарды көңүлдөшүндөй эле ойнотуп калышса, мыйзам кабыл алынбаса, билим берүү жаатында реформа болбой, сазга баткан бойдон отура берет экенбиз да. Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген, түшпөс ханга айланган ректорлордун тизгинин тарта турган киши барбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер