Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамин Акималиев: “Министр Тилек Токтогазиев айыл чарба адиси эмес”

Жамин Акималиев: “Министр Тилек Токтогазиев айыл чарба адиси эмес”

13-декабрь, 12:17
8 097 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, академик агабыз менен айыл чарба багытындагы көйгөйлөр туурасында маектештик.

-- Жамин ага, республика боюнча быйылкы айыл чарба продукцияларынын кыш мезгилине болгон даярдыгы сизди канчалык ынандырат?  

-- “Быйылкы жылы айыл чарба өндүрүшү 2 пайызга өстү” деп мактанганыбыз менен өндүрүлгөн азык-түлүктүн жалпы көлөмү бизди канааттандыра албайт. Мисалы, 2020-жылы 247 миң гектар жерге гана буудай эгилген. Бул аздык кылат. Нан менен толук камсыз бололу десек, буудай өсүмдүгүн 400 миң гектар жерге себиш керек болчу. Быйыл гектарынан 26 центнерден гана дан алынды. Өзүбүздүн сортторубуз жана уруктарыбыз менен дыйкандарды толук камсыз кылсак, анда 35 центнерден түшүм алууга болмок. 2020-жылы болгону 667 миң тонна гана буудай өндүрүлдү. Бизге болсо 1 миллион эки жүз миң тонна керек. Өсүмдүк майын өндүрүүчү азыктар 19 миң гектарга гана жайгашкан. 80 миң болсо, талапка ылайык болмок. Кант кызылчасын 8500 гектар жерге гана жайгаштыра алдык. Анын себеби, менчик кант заводдору дыйкандарды алдашып, эмгектерин жеп кетишти. Ушунун кесепетинен көпчүлүк жерлерде кызылчаны сеппей коюшту. Эгерде жыл сайын 30 миң гектар жерге кант кызылчасын айдасак, анда көйгөй жаралмак эмес. Октябрь айынын аягына карата биз 330 миң тонна гана тирүүлөй салмактагы эт өндүрдүк. Бул кимге жетет? Эгерде биз жыл сайын 450 миң тоннадан эт алсак, анда ал өзүбүзгө эле эмес, сыртка чыгарууга да мүмкүнчүлүк бермек.

-- Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мүчүлүш кеткен жактарына бир аз токтолсоңуз? 

-- Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мүчүлүштөр көп. Аны камсыз кылууучу 9 продукциянын үчөө менен гана (сүт, жашылча жана картошка) өзүбүздө толук өндүрөбүз. Ал эми калган 6 азыкты (буудай, өсүмдүк майы, кумшекер, эт, жумуртка жана мөмө-жемиштерди) көп өлчөмдө башка мамлекеттерден сатып келебиз. Ошого байланыштуу азык-түлүк кымбаттап жатат. Айыл чарбасын илимий негизде жүргүзсөк, анда индиянын чайы менен субтропикалык өсүмдүктөрдөн башкасынын баарын өзүбүздө өндүрсөк болот. Ошондо товарлар арзандайт, ашып калган азыкты сыртка сатсак да болот. Азыркы кезде элибиздин нанга болгон муктаждыгы 50%га, кумшекер 45, өсүмдүк майы 20, жумуртка 40 жана эт 65 пайызга гана камсыз болууда. Бул эми акылга сыйбаган иш да.

-- 30 жаштагы айыл чарба министринин ишмердүүлүгүнө (жакшы жана кемчилик жактары) бир аз да болсо баа берип кетесизби?

-- 30 жаштагы Тилек Токтогазиевдин айыл чарба министри болуп келиши жакшы көрүнүш. Сталин айткандай, “жаш мезгил – адамдын кемчилиги эмес, тескерисинче, анын артыкчылыгы”. “Асыл таштан, акыл жаштан” деп бекеринен айтылбайт. Жалындаган жаштарда күч-кубат көп. Койгон максаттары өтө бийик. Ошондуктан жаңы министрибиз чарчап-чаалыкпай күн-түнү иштеп жатат. Негизги көйгөй – Тилек Токтогазиевдин айыл чарба адистиги жоктугу болуп жатат. Айыл чарбасы ачык асмандын астында жайгашкан жана анын үстүндө чатыры жок. Ушул себептен бул татаал жана оор тармакты атайын адистер гана алып кете алат. Мындай кырдаалда жаш министр улуу муундардын акыл-насааты жана бай тажрыйбасына таянарын ойлогон элем. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Кеңешчилеринин баары  өзүндөй жаш балдар экен. Алар ушул кезде айыл чарба министрлигинин жана жалпы агрардык өндүрүштүн тагдырын чечип жатышат. Эч ким менен кеңешпестен эле өздөрүн-өзү билип атканын байкайм. Жамааттар сыртта эле калды. Бул жакшы жакка алып келбейт. Дагы кеч эмес. Жаңы министр өзүнүн айланасына ар тараптуу адамдарды топтошу керек. Азыркы тил менен айтканда, министрликте “элдик курултайды” түзүү зарыл. Үмүтүбүз дагы эле үзүлө элек. “Көч бара-бара түзөлөт” эмеспи.



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер