Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пара алган МАИ кызматкеринин сурак учурунда жүрөгү кармады

Пара алган МАИ кызматкеринин сурак учурунда жүрөгү кармады

04-декабрь, 13:12
723 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокат районунда пара алып жаткан жеринен кармалган жол тескөөчү ооруканага жеткирилди. 

Кечээ, 3-декабрь күнү күч органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында Ноокат райондук ЖКККБнын кызматкери, милициянын старшинасы З.К. 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

30-ноябрда Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу тургун кайрылып, ЖКККБнын кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, инспектор жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2 миң сом пара алгандан кийин дагы 8 миң сом талап кылган. Жол тескөөчү М.М.нын паспортун алып, кайра бербей койгон. 

8000сом пара талап кылган инспектор, акчаны алып жаткан учурда кармалды.

Пара менен кармалган МАИ кызматкери З.К.экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгында 10 саат сурак бергенден кийин абалы начарлап, оорукананын кардиология бөлүмүнө жеткирилген. Айыпталуучу буга чейин жүрөгү ооруп, 3 ай ооруканада дарыланып чыкканын жактоочусу айтып чыкты.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер