Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Санариптин сыры менен чыны кандай?

Санариптин сыры менен чыны кандай?

26-январь, 19:14
704 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Санарип багытында акча табуу менен өнүгүү жолун кандайча чечмелесек болот? Мисалы, үлгүсү барбы?

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты:

-- Дүйнө бүтүндөй санарипке өтүп жатат. Мындай шартта биз дүйнөлүк агымдан артта калбашыбыз керек. Санарип – бул ыкчам байланыш, нанотехнологиялык өсүш катары жөнөкөйлөтүп айтсак болот. Маселен, азыр почта тутумдарына, маалымат алмашуу жаатында ыкчамдык пайда болду. Технология өнүктү. Мурдагыдай байланыш кызматтарын күндөп, айрым учурда жумалап күтмөй жок. Дүйнөнүн ар тарабы менен 24 саат бою байланышса болот. Андан тышкары, санарип келери менен электрондук соода күчөп жатат. Кызыктырган товарды өз наркында алганга мүмкүнчүлүктөр ачылды. АмазонАлиэкспересс” жана башка электрондук соода жүгүртүүчүлөрдүн товар жүгүртүүсү 200 миллиард долларга чейин эле жеткени бул тармакта канча каражат жүгүртүлөрүнөн кабар берет. Биз да бул агымдан калбашыбыз керек. Ошол эле жасалма интеллект, IT багытындагы программалоо жаатында иштеп жаткан биздин жаштар келечекте санарип экономикага чоң салым кошот.

Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-- Бизнесте санарип багытында акча тапса болот. Таап деле жатышат. Мисалы, баарыбыз колдонуп жаткан Мбанк эң сонун санариптик банк системасы. Туризм тармагы, айыл чарбадагы чип системасынын баары санариптик системанын ыңгайлуулугу десек болот. Маселен, ККМ аппараттары каржы тармагында өнүгүүгө алып келсе, мектептердеги электрондук күндөлүктөр, автобустагы “Тулпар карта төлөмдөрүнүн баары санариптик өнүгүүдөн кабар берет. Ал эми мамлекеттин баардык документтерди бир тиркемеде жүктөлгөн “Түндүк долбоору” да алкоого татыйт. Көп адамдар справка үчүн ары-бери барып убаракерчилик тартпай, “Түндүк долбоорунан” эле керектүү справканы алуу ыңгайлуу экенин түшүнө башташты.   

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер