Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты: “Ирина Карамушкинанын дооматтары жүйөлүү болбой калды”

Азамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты: “Ирина Карамушкинанын дооматтары жүйөлүү болбой калды”

28-ноябрь, 22:30
757 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азамат Абдулажанович, депутат Ирина Карамушкина президентке ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе көтөрдү. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?  

-- Кесиптешибиз Ирина Карамушкина контрабанда, Саймаити жөнүндө айтып, мунун баарынын учугун бүгүнкү эл шайлаган президентке келтирип жатат. Бул туура эмес. Эмне үчүн? Бизде каржы чалгыны, каржы полициясы, ИИМ, УКМК сыяктуу күч түзүмдөрү бар. Алардын маалыматы боюнча Саймаити 2017-жылы Кыргызстандан качып чыгып кеткен. Ал катышкан акча которуулар 2012-2017-жылдары болуп жатат. Ошон үчүн мен “анын баарын эл шайлаган президентке жабыштырбагын” дедим. Айткан доомат жүйөлүү болуш керек да. Бул жагы тескерисинче... 

-- Бирок, 2012-2017-жылдардагы контрабанда боюнча кылдат иликтөө жүргүзүлүшү керек да?

-- Сөзсүз иликтөө жүргүзүлүшү керек. Ирина Юрьевнанын сөзүнүн биринчи бөлүгү – “башпрокурор, күч түзүмдөрүнүн жеткчилери келип, маалымат берсин, терең иликтөөлөр жүргүзүлсүн” дегени туура эле. Коом билиш керек. Ал кандай каражат, сыртка ким аркылуу чыккан?.. Бирок, эки маселени чаташтырбаш керек. Ал эки маселе бири-бирине такыр дал келбейт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер