Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Истамбаев: “Москвада белгилүү адамдар катышкан иш-чарада ырдап, кызык пикирлерди уктум”

Алмаз Истамбаев: “Москвада белгилүү адамдар катышкан иш-чарада ырдап, кызык пикирлерди уктум”

18-декабрь, 09:30
1 468 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында IT классика концерти болуп өттү. Биздин кыздарыбызга, айымдарыбызга жана апаларыбызга санариптик карьера тартуулап, атайын сабак алууга шарт түзүү үчүн коюлган концерттин уюштуруучусу, биз сыймыктана турган мыкты уулдарыбыздын бири опера ырчысы Алмаз Истамбаев менен маек курдук. 

-- Ырчылык өнөр, опера балет театры кандайча жүрөгүңүзгө жакын болуп, кандайча тандап калдыңыз?

-- 1997-жылы “Бишкек алтын көлү” аттуу жаш ырчылардын конкурсу өткөн. Ошондо катышып калдым. Ал жерде калыстар тобунун курамында КР эл артисттери Муратбек Бегалиев, Талгар Жакшылыков, эмгек сиңирген артист Алтынбек Сапаралиев, ошондой эле белгилүү орус композитору Александр Зацепин жана ошол кездеги шаар мэри Борис Силаев болду. Алар менин талантыма баа берип, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга жөнөтүшкөн. Андан кийин консерваторияны аяктадым. Ошол учурда мэрия тарабынан окуума стипендия төлөнүп турду. Алгач эстрада ырчысы болуп жүрдүм. Консерваториянын вокал бөлүмүнүн жетекчиси Таджибаева Анара эже биринчи мага опера дүйнөсүн тааныткан. “Сенин үнүң эстрадный эмес, оперный экен” деп опера дүйнөсүнө сүңгүттү.  

-- Дүйнөлүк кайсы чыгармалар эс алдырат, жакшы көрүп угасыз?

-- Баардык музыка жандүйнөнү эс алдырат. Классикалык музыканы, 60-70 музыкалык аспаптар ойнолгон чоң оркестрдин коштоосунда музыканы уксаң керемет. Биз “IT классика” аттуу долбоордо классика жагын көтөрүүнү чечтик. Көп сунуштар болгон, IT жаз, IT рок, IT поп, IT эстрада деп. Ал жерде мен ITшник жигиттерге айттым, “классикалык жанр мээни жакшы иштетет. IT индустрияда ой жүгүртүү болушу керек. Мээң кыйын иштеши зарыл” деп. Ошондуктан ушундай долбоорду ишке киргиздик. 

Жакында эле каза болгон Нобель сыйлыгынын лауреаты Тумас Транстремердин коляскада өмүрү өттү. Мен Ассоль Молдокматова менен көп кайрымдуулук иштеринде жүрүп, ошол жерден байкадым. Дал ошол мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ой жүгүртүүсү мыкты, өзгөчө экен. Башка мүчөлөрү иштебесе да ой жүгүртүүсү жогору. Дал ушул адамдар үчүн атайын IT долбоорун ишке ашырганбыз.

-- Бүгүнкү опера угармандары тууралуу пикириңиз?

-- Кудайга шүгүр, опера угармандары Кыргызстанда бар. Азыр мен Москвада жүрөм. Бул жакта опера театрлары илгерки союз убагындагыдай эле дүйшөмбү күндөрү эле иштейт. Опера угуучулар келип, бут кийимдерин чечип (өтүктөрүн туфлиге алмаштырып), башкача маанай менен көрүшөт. Ушул нерсе салтка айланып калган. 2019-жылдан бери Москва шаарындамын. Биздин опера балет театрына көп нерсе жетишпейт. Менеджмент иштери начар. Эки айдын ичинде  “Жылдыз” академиясында студенттер ырчылардын сүрөттөрү менен он чакты дизайнды жасап, ошол жерде эле аналог түзүп, менеджмент кантип иштеш керек экенин көрсөтүп койдук. Мен өзүмдүн үч дипломум бар. Акыркысы финансы менеджмент факультетин бүтүргөм. Ал кезде Жумакматов атындагы оркестрдин жетекчиси болуп иштеп жүргөм. Ошондо директорлукка да финансы менеджмент иштери керек экенин билдим. Биздин театрда менеджмент начар иштеп жатат. Москвада атайын 0+ аттуу балдар опералары бар. Эмчектеги балдарына чейин көтөрүп келип, опера музыкаларын балдарына угузушат. 

-- Учурда Москвадасызбы? Кандай иштер менен алексиз?

-- Москвада “Кыргыз конгресси” аттуу уюм бар. Бул жерден кеңсе беришкен. Учурда ошол жерде маданият жана искусство комитетинин жетекчисимин. Долбоорлор арбын. “Кыргызстандагы опера балет театрын Москвага гастролго алып келсем” деген тилегим бар. “Чолпон” балетин жана  кыргыз операсынан “Ак Мөөрдү” алып келсек, бул жерде чоң фестиваль өткөрсөк жакшы болмок. Конгресс аркылуу көп иш-чаралар өтүп турат. Бул жерде да чоң иш-чараларда ырдап жүрөм. 

 -- IT тууралуу да кызык пикирлериңизди угуп калдым. Өзүңүз кызыгып иштеп көрдүңүзбү? Мекениңизге болгон бул жолку сапар, “Жылдыз” IT академиясы тууралуу да ой бөлүшсөңүз?

-- Күчтүү программист болуу деле оюм жок. Орустардын “кылым жаша, кылым оку” деген макалындай, IT аркылуу иш алып барган жигиттер менен таанышып калдым. Менин байкаганым, башында группада аябай көп адам болуп, акырына келгенде адам азайып калат экен. Бул каражаттын жетишсиздигинен го. Көбүнчөсү айымдар. Балдарына тамак берип ж.б. үй иштери менен алек болуп жатканын баамдайсың. 

Америкалык психологдордун изилдөөсү бар экен. Аял киши байыса каражатын сөз жок балдарына жумшап, “балдарым окусун” дейт экен. Эркек кишилер байыса эле машина алып же алмаштырат. Ошон үчүн бул долбоорду айымдарга, эжелерге, апаларга, жалгыз бой энелерге арнап, ишке ашырдык. Академиянын жигиттери азыр Кыргызстан боюнча бүт айылдарды кыдырып, “эч жакка кетпей эле, академиядан билим алып, каржы тапсаңар болот” деп үндөп жатышат. Мен да буларга кошулам. Учурда социалдык жетимдер көбөйүп кетти. Алардын ата-энелери дүйнөнүн ар кайсы жагында. Балдары үйдө ата-эненин мээримисиз өсүп жатышат. Демек, биздин долбоор социалдык жактан маанилүү. 

IT классика долбоорубуз дагы уланат. ITде каражат аябай көп. Чоң максаттар жана иштер али алдыда. Маданиятка биздин өлкөдө каражат аябай аз бөлүнөт. Биз колдон келген көмөгүбүздү берип турсак, маданиятты өнүктүрүүгө чоң жардам болот. Мамлекетибизде тынчтык болсун. Ынтымак менен баардык кыйынчылыктарды жеңебиз. Бизди чет жакта “мигрант” деп башкача көз менен карашат. Мактаныч эмес, бирок бир ырдап берсем эле орустардын ою дароо өзгөрүлөт. Жакында эле Москвада Россия Федерациясынын элдеринин ассамблеясынын президенти катышкан иш-чарада ырдап, кызык пикирлерге дуушар болдум. “Биз кыргыздарды тейлөө тармагында, курулушта, таксиде эле иштечүдөй кабыл алчубуз. Бирок мындай бийиктиктерге жетет деп ойлобоптурбуз” дейт. 

Ошол жерден Болот Миңжылкиев баштаган мыктыларыбыз тууралуу айта баштайм. Балеттеги күчтүү жигиттерибиз чет жактарда. Операдан Жеңиш Ысманов аттуу жигитибиз Италияда, Жамиля Райымбекова Германияда, атагы чыккан пианисттер Кайыр Кошоева, Азамат Сыдыковдор Америкада, Артур Чодронов Англияда, балеттен күчтүү бийчилерибиз Канат Надырбек Мариинский театрында алдыңкы бийчилердин бири. Эрнис Латыпов Питерде, ж.б. мыкты жаштарыбыздын баары чет жактарда. Ушундай убакта Кыргызстанда опера балет театрындагы атагы чыккан, бир топ сыйлыктардын ээси болгон мыкты жигиттерди иштен кетиришти. Бул туура эмес. Биздин маданияттын көйгөйү ушунда. IT долбоор үчүн коюлган концертибизге да бир топ бут тосуулар болду. Жаңы, жакшы иш кылайын десең эле бут тосуулар. Программист жигиттер да мындай көрүнүшкө аябай таңгалды.

Айтышып-тартышып отурбай, мындай жетекчилерди жакшы жумуштар менен жеңели дедик. “Кайда болбосун жаңычылдарга, иштин көзүн билгендерге бут тосуулар боло берсе, өлкөбүз кантип оңолот?” деген ойго келем. Бирок, мыкты жаштарыбыз бар. Келечегибиз алдыда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер