Акыркы кабарлар
» Саясат » Талапкер Бакыт Калпаевди компьютер менен сервер шайлайбы?
Талапкер Бакыт Калпаевди компьютер менен сервер шайлайбы?
26-апрель, 18:35

Баткен округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Бактияр Калпаев бийликтин талапкери катары бааланып, таасири күчөп турган чагы. Артында үлкөн таянычтары болсо, башкаларга кыр көрсөтөт да. А иш жүзүндө элди өзүнө тартуу, арбын добуш чогултуу жагынан айбыгып турганы байкалууда. “Калк айтса, калп айтпайт” дейт эмеспи. Баткендиктер арасында Бактияр Калпаевдин парламентке өтө турганы болжонууда. Кандай артыкчылыктары, эмне өзгөчөлүктөрү бар? Бул жагын көрө алган жокпуз. Анда компьютер менен сервер шайлайбы? Түкшүмөл суроо жаралат бекен? Бийликтин талапкери катары сыпатталса, атаандаштары деле акча коротуп, далбастабаса керек. “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” дегендей, доорон сүрүп алсын да...
"Азия Ньюс" гезити