Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кендер боюнча жаңы шарттар экономикабызга пайдалуу, бирок инвесторлорго кыйынчылык жаратууда”

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков өлкөдө геологиялык чалгындоолорго маани берилбей жатканын белгиледи. Анын айтымында, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүк союз учурундагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлүүдө.
-- Сиз союз учурунда активдүү чалгындоо жүргүзүлгөнүн белгиледиңиз. Бүгүнкү күндө илимде кандай кадамдар жасалып жатат? Алдыдагы иштер тууралуу да оюңузду уксак?
-- Өткөн маегибизде белгилегендей, Кыргызстандагы чалгындоо иштери менен алектенген экспедициялардын башын бириктирип, мамлекеттик кыргыз геология деген ишкана түзүлгөн. Бирок геологияга аз суммадагы эле акча бөлүнүп жатат. Мамлекеттик кыргыз геология ишканасына бүгүнкү күндө беш лицензия берилген. Ошол лицензиялардын арты менен Ноокатта жайгашкан гипс кенине лицензия алышкан. Анын негизинде ишкана түзүп, ишмердүүлүктөрүн башташты. Ошондой эле долбоорлорду алып барганга кыргыз геология ишканасына кошумча лицензиялар берилип, кошумча мамлекеттен акча каражаттары бөлүнсө жакшы болмок (!) деген сунушумду дагы бир ирет белгилеп айткым келет. Акыркы учурларда “илимдер академиясын жоюш керек” деген пикирлер айтылып келет. Бүгүнкү күндө анда иштеген үч институт бар: бири геология институту, экинчиси геомеханика жана жер казынасын иштетүү институту, үчүнчүсү машина таануу жана автоматика институту. Ар бир институт колунан келген ишти аткарып келе жатышат. Менин оюмча, академиянын алдындагы үч институтту бир борбор кылып бириктирип, жакшы иштерди жүргүзсө болот.
Жер кыртышында жайгашкан жер породалары бар, аны бүгүнкү күндө жер семирткич катары пайдалансак болот. Мисалы, азыр жер семирткичтерди Өзбекстан же Россиядан алып келип жатабыз. “Өзүбүздүн жер семирткичтерди иштеп чыксак туура болбойт беле?” деген ой. Кара-Кечеде, Кызыл-Кыяда жайгашкан көмүр кендеринин үстүңкү катмарлары жайгашкан жерде гумус деген нерсе бар. Аны жер семирткич катары пайдаланса, өсүмдүктүн сапаты, түшүмү да жакшы болот.
Май айларында Кумтөрдө жарака пайда болгондо алтын өндүрүү токтоп калса, чоң көйгөйлүү маселеге тушугуп калмакпыз. Бирок ошол жерде иштеген адистер инженердик чечим кабыл алышып, ал көйгөйдөн чыгып кетишти. Алар биздин ассоциация менен кеңешип, геомеханика жана жер казынасын иштетүү институту менен биригип, илимге байланыштуу эки темасын аткарып, жасап бердик. Бүгүнкү күндө дагы бир темасына жардам берип, иш аракеттердин үстүндөбүз.
-- Учурда инвесторлор акча салып, алтын кендерибизди иштетип жатышат. Бүгүнкү күндөгү инвесторлорго койгон шарт-талаптарыбыз кандай?
-- Биздин жер казынабыздын мыйзамы инвесторлор келе тургандай талапта түзүлгөн. Ошонун негизинде инвесторлордун Кыргызстандагы кендерге кызыгуулары жаралып, иш аракеттерин жүргүзүп жатышат. Бирок биз келечекти ойлонуп, мыйзамды жаңылап, жаңы шарттарды киргизип жатабыз. Акыркы убакта Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргиздик. Буга ошол эле “Алтын кен” комбинаты да илинип калды. “Алтын кен” иштетип жаткан рудада күкүрт бар. Бул экологияга зыян келтире турган жагдайды түзөт. Кытайлык инвесторлор бул фабриканы курганда, күкүрттү кайра иштетүү маселеси каралаган эмес. Ошондуктан 2018-жылдан тартып Казакстага алып барып, кайра иштетип келип жатабыз.
Жаңы шарттар биздин экономикабызга пайдалуу, бирок инвесторлорго кыйынчылык жаратат. Жакында президент тарабынан мыйзам кабыл алынды. “2023-жылдын май айынан тарта алтын, руда дагы чыгарылбайт” деп кабыл алды. Ошол эле учурда Терек-Сайда ж.б. жайларда өз имараттарын салып бүтүп калышкан. Анткен менен рудасын, концентратын сыртка алып чыга албайт. Бул өзүнчө бир маселени жаратууда.
-- Акыркы убакта геологиялык картаны түзүү иштери кандай жүрүүдө? Жаңыланып жаткан процесс качан түзүлдү?
-- Кыргызстандагы геология чалгындоо иштери 200 миңинчи масштаб менен жасалып жатат. Бизде миллионго, 500 миңге да түзүлгөн карталар бар. Баарын кагаз менен жасайбыз. Буларды электрондук вариантка өткөрүү шарт. Финндер менен анча-мынча иштер жасалган, бирок дагы аткара турган иштер арбын.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити