Өкмөт башчы Абылгазиев жок болсо деле жашоо өтөт тура
Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев эң кыйын учурда коррупциялык кылмышка шектелип, эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени кечиримсиз бойдон кара так катары калууда. Буга чейин Казакстан чек арасын жаап, кыргыз ишкерлери зыянга учурап, өтө кейиштүү көрүнүшкө туш болдук. Экономикалык-социалдык көйгөйлөр чыңалып, коронавирус апааты күчөп турган чакта, өкмөт башчы Абылгазиевдин “мүдүрүлгөнү” жалпы бийликке катуу сөз тийгизди. Эми ал кайра кантип кызматына келет? Эл карап турат. Ооба, анын айланасында жагымсыз окуя болду... Баса, Кыргызстандын түштүк регионунда чек ара маселеси курч бойдон турганын кантебиз? Өлкөдөгү жумушсуздук, барган сайын ишкерлердин иши начарлап, саясый кырдаалдын чыңалышына түрткү болуп тургансыйт.
Ток этерине келсек, кыйналган эл өкмөт башчысыз деле жашай берет экен. Учурда күбө болуп атабыз. Эгерде Абылгазиев кайрылып келсе, бийликтин рейтинги ого бетер түшүп кетерин саясаттан кабары жок адам деле түшүнүп калбадыбы...
"Азия Ньюс" гезити